Азыр интернеттин заманы. Эркин пикир айтуу, сөз эркиндиги дал ошол жерде. Чөп башы кыймылдаса же көзгө илинерлик бир кыймыл болсо эле баса калып талкуулоо адатка айланып барат. Учурда талкуу ичинен португалиялык атактуу футболчу Криштиану Роналду менен татарстандык модель Ирина Шейктин махабат баяны башка сүйүү романдарын артка таштоодо. «Роннинин маанайы жокпу, демек, той болбой калды» дешсе, Шейк ири басылмалардын биринин алдыңкы бетине чыкса, «аа, Криштиану экөө үйлөнөт экен» деген кеп тарайт. Жакында интернет барактарында пайда болгон тамашалуу видеодон да ошол нерсени көрүүгө мүмкүн.
Криштиану:«ЖЫЛКЫ ЖЕ КАЗ СОЙМОК БЕЛЕМ?»
Бул видеону www.super.kg порталынан көрө аласыздар. Анда Ирина менен Криштианунун интервьюлары коюлуп, орус тилинде үн коштолгон. Татарлардын болочок күйөө баласы тойду кандай өткөрөрүн ким билсин, бирок орус тилинде мындайча сүйлөтүп коюшкан: «Иринанын улуту татар экенин билбептирмин. Мага той жөнүндө эч нерсе айткан эмес. Анан татарлардын үлпөт тою оозумду ачырды. Мен атактуу футболчумун. Жылына 11 миллион евро табам. Анан уялбай мага жылкы же каз соёсуң дешти. Бул эмне деген жорук? Каз...» Ал эми Иринаны күлкү жаратуучулар төмөнкүчө сүйлөтүшкөн: «Менин кыжырымды келтиргени, экөөбүз жатканда такай күзгүгө карана берет. Анан да дайыма «симуляция» жасап, жыгылып эле айып соккусун талап кыла берет. Мага Криштиану эмес, анык эркек керек».
Максат Кудайбердиев
star@super.kg