– Султандын ырларын көп угат экенсиз...
– Оо, айтпа, акыркы күндөрү Исанын «Гүлзарына» да ашык болуп жүрөм.
– Төө-Ашууга чейин онунчу жолу «Кош айтамды» угуп баратасыз, бир ырды кайра-кайра угуудан тажаган жоксузбу?
– Ээ, бул ырда менин махабатым ырдалгандай сезиле берет, ырды угуп, өткөн күндөргө кайтып барам.
Мына ушундай диалог менен айдоочу окуясын баяндап берди. Ошентип, демейде жетпечүдөй сезилген даңгыр жолдо айдоочунун ашыктык баянын угуп отуруп узун жолубуз кыскарган эле...
– Жашым 43тө. Сен азыр сураарыңды билип турам, «ушул жашка келгенге дейре сүйүүңүз өчө элекпи?» дейсиң. Акылга баш ийип, сезимди сыйлабаган жанмын да мен. Жашпыз, 8-класстан эле сүйүүгө кабылгам, айылыбыздын татынакай кызын жактырчумун. Биздин убакта бирөөгө сезимиңди билдирип кат жаздың дегиче, кат ташыган бала эле жалпыга айтып, дароо дүң дей түшүп, сырыбыз ачылып калчу. Айзада экөөбүздүн сүйүүбүз да ошентип ачыкка чыккан. Бирок биздин мамилени кат ташыгычтар жайбай эле, анын сиңдиси жеткирген...
Мен момпосуй алып берип, 1-класста окуган сиңдисинен катты берип жиберем, эртеси ал жообун ала келет. Бир күнү Айзада сиңдиси Ханзаданы катуу урушуп, какыс-кукус да кылып жиберген окшойт. Ачуусу келген «агентибиз» ата-энесине «Айзадаңыз Сабырдын баласы менен сүйүшөт» дептир. Бир чети аларга айтканы деле жакшы болуптур, көпкө сүйлөштүк, ата-энеси деле каршы болушпады. Мен окууну бүттүм, техникумга тапшырдым, 3 жылдан соң Айзада да мектепти бүтүрүп, училищеге тапшырды. Баягы бала кезден бери таанып, кулк-мүнөзүбүздү жаттап калганбыз да, айлуу түндө айды карап, жылдыз санап далай сонун түндөрдү өткөргөнбүз.
Мен айылга келип жумушка орноштум, ал Жалал-Абадда окуйт, студент. Жай айы эле, каникулга келиптир. Жолукканда «группалашымдын туулган күнү, Араванга чакырып жатат» дегенинен кыйылып жатып макул болдум. Эртеси кабар келди, «Айзаданы ала качып кетиптир» деген. Угар замат апамды алардын үйүнө жөнөттүм. Ата-энеси «кызыбыз жаш, Исмат барып «менин болочок колуктум» деп алып келсин» дешиптир. Эки-үч досту чакырып, милициядагы айылдаш аганы кошуп алып барып калдык. Кызыл шапкечен агабызды көргөндө эле корккондорунан «кызыңарды алып кете бергиле» деп кечирим сурап, салып беришти. Жолду катар урушуп келдик. «Бир көргөн адамды эле кантип ала качып кетсин? Мурдатан тааныш болчусуңар» деп Айзаданын кулак-мээсин жедим. Ал актанат, мен ишенбейм. Акыры ыйлап жибергенде гана кызга боорум ачып, ишендим.
Күндөр өтө берди. Бир күнү ал «бизди пахта тергенге жиберүүдө, жакшы тур» деген кат жазып жибериптир. Арадан үч күн өтпөй Айзаданын күйөөгө тийгени жатканын сиңдисинен уктум. Үйдөгүлөргө «сүйлөшкөн кызымды дагы ала качып кетиптир» деп кантип айтам? Эркек киши үчүн ушул сөздү айтуу түйшүк да. Эртеси апасы келиптир, «кызымдын ал балада көңүлү жок экен, Барпыга ала качып кетиптир, жүрү, алып келели» деп. Менден мурда атам: «Сагынбү, менин уулум оюнчук эмес, кызыңарды улам бир көшөгөдөн сууруп чыккыдай. Кызың сүйлөштүбү, эми отурсун, улам бир босогону аттай береби?»- деди ачууланып.
«Мына, мен барган күндө деле атам ак батасын бербеси анык болуп калды го» деген ой келди. Айылдагы айың кептер жүдөтөт экен адамды. Мен барбай койдум, Айзада башкага тийип кетти. Жаштык кез, ачуума чыдабай арак ичкенден көрө мен да аял алайын деп коңшу айылдан бир кызга баш коштум. Ортодо сүйүү болбосо бекер экен, уулубуз бир жашка чыкканда «мени сүйбөсөң кантип жашайм?» деп кетип калды. Сынып калдым, улуулар кыздарга «бактылуу бол» деп көп бата беришет эмеспи. Көрсө, эркек баланын деле бактысын тилеш керек тура.
Турмуштан жолум болбой калабы деп жүргөндө айылдан Айзаданы жолуктурдум. Бир уулдун энеси болуптур, салкын учурашып өтүп кетти. «Үйлөн, кимди күтүп жүрөсүң?» деген жемени көп уккан жаным бир күнү мына сага деп бизге кат ташыган Ханзаданы шаарда окуп жүргөн жеринен ала качып келе бердим. Бир чети күлкүлүү эле. Атынан айтпай, балдыз деп эркелеткен кыз минтип көшөгөмдө отурат. Алгач кайын журт каршы болду, бирок кыздын көңүлү бар экен, калып калды.
Кыскасы, азыр очор-бачар болуп, төрт баланын ата-энесибиз. Оозубуздан бир да жолу «сен ошондо...» деген сөз чыкпайт. Бир кезде мен жактырган кыз азыр кайнежем, ушул жашка келсем да, көзүнө тик карай албай кыйналам. Балким, бул жаш кездеги жакшы бир күндөрүмдү эске салаттыр... Мына, жетпей калган ырларды, анан гүлзарды аралаган ырларды аралаштырып укканымдын сыры ушунда...
Исмат
Жаңыл Калыкова
koom@super.kg