ПОЛДОГУ АКИТАШ ТАГЫНАН АРЫЛУУ
Кадимки картошка крахмалына бир аз ацетон кошуп коюу, ботко сымал аралашма даярдап алуу керек. Даяр болгон соң губканын (идиш жуугуч) жардамы менен булганган жерлерге сыйпалат. 15-20 мүнөттөн кийин ошол эле губка менен крахмалды тазалап, полду жуусаңыз акиташ кетет.
ШЫПЫРГЫ СЫНБАШ ҮЧҮН...
Шыпыргы көпкө кызмат өтөсүн десеңиз, колдонордун алдында аны кайнак сууга малып алуу туура. Мындан шыпыргынын сабактары жибип, ийилчээк болот да, шыпырып жаткан учурда сынбайт.
ЖЕЗ БУЮМДУ ТАЗАЛОО
Жезден жасалган буюмдарды тазалоодо лимон жакшы жардамчы боло алат. Ал үчүн лимондун чоң кесими менен жездин бетин сүрүү керек. Андан кийин катуу чүпүрөк менен жылтыратып сүрүп коюу абзел.
СҮТ БЫШЫРУУ
Сүттү тез бышырам десеңиз, бир аз кумшекер салып коюңуз. Мискейдин ички бетин алдын ала май менен майлап койсоңуз, сүт ташыбай бышат.
АЙНЕККЕ ЧЫМЫН КОНБОЙТ
Терезенин айнегин же күзгүнүн бетин чымындар конуп булгап койбошу үчүн алардын бетин пияз же анын ширеси менен сүртүп коюу керек. Пияздын ширеси катып калган учурда да чымындар ага жакын жолой алышпайт.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg