Жапайы кара күрүч азыр деле Түндүк Америкада кездешет. Маданий түрлөрү болсо бир топ өлкөлөрдө: Бали, Кытай, Таиландда, Түндүк Америкада өстүрүлөт. Кара күрүчтүн илимий аталышы – суу цицаниясы же суу күрүчү. Европанын айрым жерлеринде көлмө четтеринде кооздук үчүн эгилет. Кара күрүчтүн күрөң, кочкул күрөң (шоколадга окшош), көмүрдөй капкара түрлөрү бар. Кара күрүчтөн ак күрүч сымал эле палоо, суюк тамак, салат түрлөрү, суши жана башкалар жасалат. Бышыруу, жасоо ыкмалары ак күрүчтөй эле.
Күрүчтөрдүн ичинен тай күрүчүнүн сапаты жакшы деп бааланат. Аны бышырганда бири-бирине жабышпайт, кайнап жатканда суу киргилт да тартпайт.
КАСИЕТИ
100 грамм кара күрүчтүн курамында: 15 грамм аминокислоталуу белок, фолий кислотасы (чоң адамдын 1 күндүк керектөөсүнө тең өлчөмдө), В, Е витаминдери, антиоксиданттар, 433 миллиграмм фосфор, 177 миллиграмм магний, 6 миллиграмм цинк, 1,3 миллиграмм марганец бар. Антиоксиданттар артерия кан тамырларын бекемдеп, кан тамырларды серпилгич кылат. Рак ооруларынын алдын алат.
Кара күрүч иммунитетти көтөрүп, жүрөк булчуңдарын азыктандырып, артериалдык кан басымды түшүрөт. Негизи эле жүрөк-кан тамыр ооруларында пайдалуу. Төрөттөн, операциядан кийин адамды бат калыбына келтирет. Климакстын өтүү учурун жеңилдетет, кандагы холестериндин деңгээлин азайтат. Көрүүнү жакшыртып, чачтын түсүн оңдойт.
АК КҮРҮЧТӨН АЙЫРМАСЫ ЭМНЕДЕ?
1. Курамында ак күрүчкө салыштырмалуу натрий аз. Организмде натрий канча аз болсо, оорулар да ошончо аз болот. Натрий азыктардан этте, жаңгакта, сүт азыктарында болгондуктан, кээде анын нормасы организмде көп болуп кетет. Мындай кезде кан басым көтөрүлүп, жүрөк-кан тамыр оорулары козголот.
2. Ак күрүчкө салыштырмалуу кара күрүчтө белоктор 2 эсе көп. Ошондой эле селен, магний, калий, кальций да көбүрөөк.
3. Клетчаткалар да көп болгондуктан, ичегилердин иштөөсүн жөнгө жакшы салат.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg