Жалаң сымбаттуу жигиттерден куралган «Жебе» тобу азыноолак болсо да эл оозуна алынып, өз күйөрмандарына ээ болуп турган чак. Кенже Дүйшеева түзгөн бул топтун жаратчу ийгиликтери али алдыда экени талашсыз.
ЖИГИТТЕР ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
– Салам, жигиттер, куш келипсиңер. Кичинеңерден баштап эле ырчы болгуңар келчү беле?
Медер: – Саламатсызбы, бала кезде учкуч болом десем, мектепте жакшы окугандыктан, ата-энем «дарыгер болосуң» дешчү. 9-класстан баштап музыкага кызыга баштагам.
Кумар: – Ырчы болом деп такыр ойлочу эмесмин. Баары буйруктан экен. Кичинемде көпчүлүк балдардай эле президент болгум келчү. Азыр болгум келбей калды (күлүп).
Самат: – Мен бала кезден эле музыкага шыктуу болчумун. Комуз ийримине катышып дегендей. Апам ырдаганда атам бийлеп берип турар эле. Учурда Минур экөөбүз Искусство институтунда бир группада окуйбуз.
Минур: – Аскер адамы болсом деп кыялданчумун. Бирок мектепте ар кандай майрам-кечелерде алып баруучу болуп, бир жолу ырдап да калдым. Ошондон кийин музыка деген «илдет» мени биротоло өзүнө имерип алды. Азыр баарыбыз үнүбүздү таптоо үчүн кечинде кафеде ырдайбыз.
– Силерди көпчүлүк корей жигиттерине окшоштурат...
Медер: – Эмнеге окшоштура беришет, мен ошону түшүнбөйм. Биз кадимки эле кыргыз жигиттерибиз. Тескерисинче, корейлер бизге окшош.
Кумар: – Топтогу балдар аябай улутчулбуз. «Корейлерге окшошсуңар» дешсе, кыжырыбыз келет. Биз аларды туурабайбыз.
Самат: – Биздин Кумарды көбү «Мыкты жигиттер» сериалындагы Ким Бомго окшоштурушчу. Мен тасманы көрүп, чындап эле аябай окшош экенин байкадым.
– Кенже эженин тартипке бекем экенин билебиз, кээде «ушундан көрө аскерде эле жүрбөй» деген ойлор келбейби?
Минур: – Ха-ха, жок, андай ойлор болгон эмес. Кенже эжени мен да топко келгичекти аябай тың, бекем болуш керек деп ойлогом. Бирок «баатырдын даңкын алыстан ук, жанына келсең бир киши» дейт эмеспи, ошондой эле болгон. Биз Кенже эжени мээримдүү, камкор эже катары көрөбүз.
Самат: – Минурга кошулам. Кенже эже кээде дос, кээде кеңешчи, кээде жетекчи. Үйүнө барганда «жылуу кийингиле» деп баарыбызга тумак кийгизип коёт. Көзүнчө кийимиш болуп туруп, эшикке чыкканда «причёскабыз бузулат» деп чечип салабыз (күлүп).
Кумар: – Мен Кенже эжени мурун телевизордон көргөндө жашы 24-25терде болсо керек деп ойлочумун. Апамдан сурасам, «30дарда болуш керек» деп койгон. Топко келгенден кийин аябай таң калгам, өзүнүн жашын угуп. Азыр деле таң калып бүтө элекмин.
– Коомдук унаада жүргөндө, көчөдө, окуу жайда эл таанып, ыңгайсыздык жарата баштагандыр...
Медер: – Таанып калышты. Кээ бир улуу агалар, эжелер жаныма келип, «азаматсыңар» деп колумду кысып кетишет. Мындай көрүнүш биз үчүн абдан жагымдуу.
Кумар: – Ооба, бизге көбүнчө сынга караганда комплименттерди көп айтышат.
– Жеке өзүңөргө кандай сындарды жана комплименттерди айтышат?
Медер: – Мисалы, менден көбү «кашыңды тересиңби?» деп сурай беришет. «Тербейм, өзү ушундай» деп жооп берем. Ал эми комплимент катары «жакшы бийлейсиң» дешет.
Кумар: – Биздин кийген формаларыбызга да сындар айтылып калат. Айрыкча ар кандай түстөгү костюмдарга «ушундай да түстө кийинеби?» деп. Бирок «симпотичныйсың» деген комплименттерди көп угам.
Минур: – Негизи, кандай сын-пикирлер айтылбасын, биз аны түшүнүү менен кабыл алабыз. Кенже эже да бизге ушуну көп айтат. Ал эми көбүнө менин бетимдеги уячам жагат.
Самат: – Ооба, «жылдыз оорусуна» кабылбасын дейби, айтор, Кенже эже бизди көп мактап коюшса, кемчилигибизди айтып балансты сактап турат. Бүркүт олжосун аларда ушундай бир чапчып туруп бийикке көтөрүп, анан жерге таштайт эмеспи.
– Күйөрман кыздарыңардын саны көбөйдүбү? Балким, алардын кызыктуу жоруктарынан айтып бересиңер?
Самат: – Мурункуга караганда бир топ эле көбөйдү.
Минур: – Күйөрман жок ырчы кайдан чыксын?! Биз күйөрмандарыбызга сый-урмат менен мамиле кылабыз.
– Телефон номериңди сурап калышсачы?
Минур: – Анда «номер өзүмө керек» деп коём.
Самат: – Сим-картасын чыгарып берип коёт, ха-ха...
Минур: – Ушундай эле жагып баратса, өзүм ал кыздын номерин сурап алмакмын.
– Бир күндө канча саат убактыңарды чогуу өткөрөсүңөр?
Медер: – Күндө дебейин, бирок 1 жумада 4 күн сөзсүз көрүшөбүз.
Самат: – Биз жолукканда күндүн кантип өтүп кеткенин байкабай калабыз. Кенже эже «балдарым, баргыла, даярдангыла» деп жиберсе, биз барып алып жөн ырдабай, ырларды англисче, орусчага которуп ырдайбыз.
Кумар: – Биздин котормочубуз Самат.
– Ырчылыктан сырткары кандай таланттарыңар бар?
Самат: – Комузда ойнойм.
Минур: – Мен флейтада ойнойм. Ии, баса, Ильяз Абдыразаков ойногон «Азап» деген тасмада Ильяздын үнүн мен коштогом.
Кумар: – Гитарада ойногонду эми үйрөнүп жатам.
Медер: – Мен да учурда гитараны өздөштүрүүдөмүн.
– Өзүңөрдү модель катары сынап көргүңөр келеби?
Самат: – Ушул тууралуу ойлонуп көрбөптүрбүз. Менимче, моделдик кесип эркектерге көп жараша бербейт.
Кумар: – Биз спортту сүйөбүз.
– Спортту сүйгөн нукура кыргыз жигиттери, кызыктуу маек куруп бергениңерге чоң рахмат!
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр "Жебе" тобунун өздүк архивинен алынды)
star@super.kg