ЖКнын депутаты Улукбек Кочкоров:«АТАМ БАЗАРДА ИШТЕБЕЙСИҢ ДЕП ЧЫККАН»

Жаштар арасында «ыңгайы келсе, бүгүн эле Кыргызстандан кетким келет» деген сөз көп айтылат. Алар жумушсуздукка, ал табылса да, айлыктын аздыгына арызданышат. Бирок арабызда эң жөнөкөй мамлекеттик кызматтан көтөрүлүп отуруп, өз күчү менен ийгиликти багындыргандар да бар.

Улукбек Тойчубаевич Кочкоров

  • Жогорку Кеңештин «Ата Журт» фракциясынын депутаты.
  • 1974-жылы Баткен районуна караштуу Кара-Бак айылында туулган.
  • Жогорку билимдүү, КМУУнун каржы жана насыя боюнча бөлүмү менен юридика факультетин аяктаган.
  • Эмгек жолун 1995-жылы Бишкек шаарынын Свердлов районунда бюджет боюнча жетектөөчү адис катары баштаган.
  • 1997-2009-жылдар аралыгында Улуттук коопсуздук кызматында иштеген.
  • Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы.

– Өмүр таржымалыңызды карап отуруп, Улуттук коопсуздук кызматында 12 жылдай иштегениңизди окуп калдым. Бул орган өкүлдөрүнүн кулк-мүнөзүнө иши таасир кылабы, айтор, табышмактуу жана сөзгө чоркок болуп калышат. Депутаттык кызматка оңой эле көнүп кеттиңизби?
– Улуттук коопсуздук кызматта иштеп жүргөнүмдө, балким, табышмактуу жана кем сөз болсом керек. Айрыкча үйгө келгенде жубайым «мындай отуруп сүйлөшөлүчү, жумушуңда эмне болуп жатат?» деп дайыма сурай берчү. Мен бир жоопту жаттап алгандай «менин ишимдин сага кандай кызыгы бар?» дечүмүн. Ал кызматтын талабы да ошол, келинчегиме эч нерсе айтчу эмесмин.
Депутат болгондон кийин таптакыр башка талаптар менен тааныштым. Эл өкүлү бул коомго ачык адам болушу керек экен. Жасап жаткан ишиңди элге жеткирүү же элдин сөзүн бийликке жеткирүү зарыл болот. Мурункудай эч нерсе айтпай отура берсем, эл кабарсыз калат эмеспи.

– Эл ичинде «депутаттар сүйлөгөндү гана билишет» деп калышат. Сиз сөз чеберчилигинен аксабадыңызбы?
– Албетте, жөн эле сүйлөй берсең, анын жугумдуулугу жоголот, бара-бара сени укпай деле калышат. Бирок маселени түшүнө билип, жүйөлүү сунуштарды киргизсең, сөзүңдүн орду да, салмагы да болот. Айрыкча жыйындарда тажрыйбалуу депутаттар машыгып бүтүшүптүр, оюндагысын эки-үч сөз менен эле таамай айтып коюшат. Жаш депутаттар болсо оюндагысын жеткире айтуу үчүн 10-15 сөз колдонуп коюп жаткандырбыз.

– Кандай үй-бүлөдө тарбия алдыңыз?
– Ата-энем карапайым эле адамдар, бири айыл чарба тармагында инженер, экинчиси эсепчи болуп иштеген. Башкарма деле болуп кетишкен эмес. Эң негизгиси, төрт уулу менен эки кызын кийимин бүтүн, курсагын ток кармап, баарына жогорку билим беришти. 1990-жылдары үчтөн студент окутууга туура келип катуу кыйналышса да, «окууңарды таштагыла» деп айтышпады. Азыр эжем менен карындашым коммерциялык структураларда, үч иним мамлекеттик кызматтарда жана эл аралык уюмда иштешет.

– Биринчи ийгилигим деп эмнени эсептейсиз?
– Университетке өткөнүмдү, анан биринчи жумушка орношконумду.
1991-жылы мектепти аяктап жатканда бүтүрүү сынагы менен катар университетке кабыл алынуучу сынакты чогуу тапшырганбыз. Бул эксперимент катары жүргүзүлгөн болчу. Каалоочулар көп эле, бирок тандалып отуруп КМУУнун каржы жана насыя бөлүмүнө өтүп кеттим. Окууну кичинемден тырышып жакшы окудум, мектепти бир «4» менен аяктагам. Баанын артынан түшүп албасам да, университетти жакшы бүтүрдүм. Диплом кызылбы же башка түстөбү, кептин баары алган билим-жөндөмүңдү жашоодо канчалык деңгээлде колдоно алганыңда.

– Жумушка орношууңуз да кызык окуя окшойт. Иш табууда кыйналдыңыз беле?
– 1995-жылы университетти бүткөндөн кийин ата-энем айылга чакырып калды, а менин каалоом Бишкекте иштөө болчу. Айылга бардым, бир ай жүрдүм, анан кайра борборго кетем дедим. Атам «диплом менен иштесең, жөнөтөм, бирок аны сандыкка салып коюп, базарга чыгып кетсең, шаарга барбайсың. Базар ишинин келечеги жок» деди. Экөөбүз эркекче кол алышып, бир айлык мөөнөт менен колума 1300 сом карматып, Бишкекке жөнөттү.
Келерин келдим шаарга, бирок тааныш-билиш деген жок. Көчөмө-көчө кыдырып, илинген жарнамалар менен жумуш издедим. Айдын 25 күнү өткөндөн кийин атам чала баштады, «бүгүн жолго чык» деп. Кудай жалгап, 30-күнү Свердлов районунун бюджет боюнча адиси декретке чыгып кеткен экен, ошол адамдын ордуна убактылуу жумушка алып калышты. Мени жумушка алган эжеге аябай ыраазымын. Жумуштан калып, бир-эки саат мага кеңешин айтып, билгенин үйрөтүп, кыйла жардам берген.

– Дээрлик ушул убакытка чейин дайыма мамлекеттик кызматтарда иштепсиз. Мүлк декларациясында жазылган байлыгыңыз барбы?
– 2007-жылы Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын Марат Бакиев деген жардамчысы бар болчу. Аты эле жардамчы болбосо, ошол киши жетекчилик кылып, мындайча айтканда, «серый кардинал» эле. Ал ортодо бул адам менен мамилем келишпей калып, кадр катары сакталганым менен, жумушсуз калдым. Андайда айлык да берилбейт. Алган маянам деле аз болчу, андыктан жумуштан чыккандан кийин түнкү 12лерге чейин таксист да болгон күндөр өткөн.
Ошентип, насыя алып, бизнес кылууга мажбур болдум. Башында кыйналганым менен, кийин ишим жүрүшүп кетти. Бул жагынан алганда Марат Бакиевге ушундай мүмкүнчүлүк жаратып бергенине, тагдырыма ыраазы болуп кетем.
Азыр айлыкты караган деле жерибиз жок. Декларацияда жазылган чоң байлыгым жок болсо да, тапкан кирешебиз оокатыбызга жетет.

– Мамлекеттик кызматтарда жүрүп эмнеден улам парламенттик шайлоого барууну чечтиңиз?
– Бизнести жолго салып алгандан кийин көп өтпөй Салык кызматына жумушка кирдим. Бир жыл өтпөй Апрель революциясы болуп кетти. Анан ошол жердеги айрым түшүнүгү тар адамдар «иштен кет, сенин ордуңа башкалар келет» деп чыгышты. Антпесе эч кандай негиз жок эле, жумуштагы көрсөткүчтөр жакшы, аттестация комиссиясынын жыйынтыгы боюнча да ээлеген ордунан бийигирээк кызматка татыктуу деп чыккан эле. Ушул көрүнүштүн баары менин шайлоого барышымды шарттап, кандайдыр бир деңгээлде мажбур болуп калдым.

– «Аял жакшы – эр жакшы» деп коюшат эмеспи. Жубайыңыз тууралуу токтолсоңуз...
– Кесиби невропатолог, Улуттук госпиталда иштейт. Бирок учурда эң кенжетайыбыз менен үйдө. Үч уул жана бир кызды тарбиялап келебиз. Экөө мектепке, бирөө бала бакчага барат
Келинчегим үйдөгү майда-чүйдө иштерди мага түйшүк кылбайт. Өзү да түшүнүктүү жан, анан жасаган тамактары да өтө даамдуу.

– Учурда «Ата Журт» кризисте. Айрым депутаттардын жоктугун жалпы фракция кантип толуктоодо?
– Ооба, азыркы курамыбыз толук эмес. Төрт депутатыбыз абакта, бирөөнө ден соолугуна байланыштуу Европада операция жасалды. Бир-эки эл өкүлүбүз коалицияны колдоону чечип, фракциялык жыйындарга пассивдүү катышууда. Анын үстүнө оппозицияда болуу да оңой-олтоң эмес. Бийликке катуу айтууга, ага жакпаган чечимдерди кабыл алууга туура келет. Мунун айынан кээ бир депутаттарыбыз ыңгайсыз болуп, активдүү катышпай жаткан учурлар кездешүүдө. Принципиалдуу маселелерде өзүн ала качып, эртең бийлик органдары менен туура эмес мамиледе болуп калбайын деп абайлагандар да бар. Бирок жалпысынан фракция ичиндеги абал жакшы эле.
Абакта отурган депутаттарга келсек, алар соттон акталышы керек го деп ойлоп жатабыз.

– «Ата журтчулар» башкаларга караганда эмоционалдуу. Сизчи?
– Негизинен оор басырыктуумун. Жыйындарда болуп калат, кээ бирөөлөр көрүп келгендей болуп туура эмес маалымат айтып жатса, катуу-катуу айтып коём.

– Жакын арага белгиленген пландарыңыз...
– Өткөн жылдын октябрь айында Монголияга барып келип, алардын шайлоо системи катуу кызыгууну жараткан. Бул мамлекет биринчи калкты биометрикалык паспорт менен камсыздаган, шайлоодо атайын орнотулган жабдууларга монголиялыктар бармагын койгондо, анын изи аркылуу ал кишинин өздүк маалыматы келип чыгат. Электрондук добуш берүү жөнүндө жакында президент Алмазбек Атамбаев да айтып, каражат керек болсо, ал да табыларын белгиледи.
Эки ирет революция болду. Элдин шайлоого болгон ишеничи азайып барууда. Акыркы эле мисал, жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда добуш берүүчүлөрдүн эң көп катышуусу 40 пайыздан ашпады. Андыктан бир канча депутат электрондук шайлоо боюнча мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп жатабыз.

Эльвира Караева
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр депутаттын өздүк архивинен алынды)
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Knt
2013-01-28 10:19:11
ishinizge iygilikter!
0
№ 534, 25-31-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан