ҮЛПӨТ ТОЙДОН БИР ЭЛЕС

Ар бир адам бактылуу турмуш куруп, эстен кеткис үлпөт той өткөрүүнү каалайт. Албетте, мындай маараке кызыктуу окуяларсыз өтпөсү анык. Эл көзүндөгү адамдардын тоюнда эстен кеткис кандай учурлар болгонуна сиздер менен чогуу күбө бололу.

Гүлнара Калдарова: «КЕЛИН ЭКЕНИМДИ УНУТУП, САХНАГА ЧЫГЫП КЕЛЕ ЖАТКАНДАЙ КҮЛГӨМ»
– Мен 2004-жылы 6-октябрда турмушка чыккам. Орусияда гастролдо жүргөнбүз. Убакыттын тардыгынан үйгө чала албай жүргөм. Бир күнү чыгынып апама чалсам, «Мырзабектин ата-энеси сага куда түшүп келишти. Келериң менен алып кетебиз деп жатышат» деп жатпайбы. Көрсө, үйдөгүлөр менсиз эле баарын сүйлөшүп, той болчу күндү да белгилеп коюшуптур. Ошентип, гастролдон бешинде келип, алтысында турмушка узатышты. Келин болуп баргандагым өзүнчө бир кызык. Өзүм жол жүрүп чарчап келсем, мени кыз узатуу кечеси күтүп турат. Такыр эс алууга убактым болбоду. Кайын журтума барганда эч нерсе билбей уктап калыптырмын. Түштө кайын сиңдим ойготкондо гана араң көзүмдү ачкам.
Заманбап тоюбуз 22-октябрда болгон. Анда да тамада жолдошум экөөбүздү элдин астына чакырганда келин экенимди унутуп, өзүмдү сахнада жүргөндөй элестетип алып күлүп чыгыптырмын. Кийин апам «келиндей болуп башыңды жерге салып койсоң боло» деп урушканын азыркыга чейин эстеп күлүп калабыз.

Мирбек Иманбеков:«САЛЮТ АТТЫРЫП, АНЫ ӨЗҮБҮЗ ЭЛЕ КӨРГӨНБҮЗ»
– Жубайым Бурул экөөбүз 2010-жылы 3-ноябрда кол кармаштык. Үлпөт тоюбузду эл катары тууган-урук, кесиптеш, достордун курчоосунда кафеде өткөрүп, эстен кеткис эле чер жазганбыз. Албетте, жакшы каалоо-тилектер айтылып, ырлар ырдалып, оюн-күлкүгө бай той болгон. Баарынан кызыгы, тоюбуз кызыктуу болсун деп салют уюштурган элек. Той ортолоп калганда тамада 1-антрактты жарыялап, ошол салютту көргөнү баарыбызды эшикке чакырып калды. Эл сыртка агылып чыгып баратып эле, жамгыр жаап жаткан экен, кайра баары залга кире качышса болобу?! Ошентип, ойдо жок, күтүлбөгөн жерден жамгыр жаап жиберип, элге арналган салютубузга Бурул экөөбүз эле күбө болгонбуз.

Асема:«БИЙЛЕЙ АЛБАЙ ЭЛГЕ «ЛАЖА» БОЛГОНБУЗ»
– Жолдошум Акжол экөөбүз 2008-жылы 23-августта заманбап той берип баш кошконбуз. Тоюбузга 150дөй киши чакырсак, чакырылбаган коноктор да келип, билинбей 300 киши болуп кеткен. Элдин баары эле «силер менен сүрөткө түшүп алалы» деп жатып той кандай өтүп, кандай кызыктар болгонун деле билбей калганбыз. Керек болсо отуруп бир чыны чай ичкенге убакыт табылбай койгон. Анан да үлпөт көйнөгүмө таштар чөгөрүлүп тигилген, абдан оор, узун шлейфи менен эле. Шлейфти бирде өзүм, бирде башка бирөө тебелеп алат десең. Мындан улам жолдошум экөөбүз атайын тойго деп даярдаган бийибизди бийлей албай, элдин алдында аябай «лажа» болгонбуз.

Жанар Акаев:«ТОЙДО МАС БОЛГОН КЫРГЫЗДАРГА ЯПОН ДОСУМ «ЛЕКЦИЯ» ОКУГАН»
– Жыргал экөөбүз 2012-жылдын 2-июнунда үйлөндүк. Үйлөнүү тоюбузда Япониядан келген Атсуши Куваяма деген досубуз кызыктуу окуялардын каарманына айланган. Ал Нарында бир топ убакыт жашап, кыргыздын салт-санаасын жакшы билип калган жигит. Биздин тойго калпак кийип келип, «Сары-Ойду» кыргызча ырдап, баарын таң калтырган. Бир кезде, той аяктап баратканда сыртка чыксам, үч-төрт адам мас болуп алып жакалашып жатышат. Ортосунда баягы япон досум жүрөт. Чуркап барып «япон коногубузга тийбегиле» десем, Атсуши «Жана-ар, кабатыр болбо, мен мастарды ажыратып жүрөм» деп кыйкырып коёт. Көрсө, ал кызып алып, ар кимге тийише баштаган мастарды эшикке алып чыгып, «тойдо урушса болбойт, алыңа жараша ичишиң керек» деп «лекция» окуп жаткан кербези экен.

Асел Асанова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Үлпөт тойдон бир элес
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Knt
2013-01-28 10:11:51
ahahah yapon kyiyn go))
0
AFRODITA-89
2013-01-28 14:27:44
Асема тим эле катту популярныйдай сезип алыптырго озун, той кеминде 3-4 саат б.т ошончо убакыт ал экоо менен кимдер суротко тушту экен? Гулнара эжебиздики кызык болгон экен.
0
angelo4ka_96
2013-01-28 14:41:47
ahahah yap0ndun tartipke salgany jakty g0)
0
FERA
2013-01-28 14:51:14
баарынан да кызык Жанардын тою болуптур хахаха элестетип алып кулкумкелди Атсуши деген досуна молодец
+1
Nur_meerim
2013-01-28 17:27:27
Жанар мактанчаак! Бардык интервьюсунда мактанып калыш к.к да!
-2
aiza11.3
2013-01-29 17:56:37
мммм...жакшы жакшы
0
Айпери Сыдыкова
2013-01-31 00:58:13
Гулнара эже турмушка чыгып кеткенден кийин,гастролдоп жургондо концерттерде Кенже эже элге турмушка чыкты деп концерт учурунда айтып аткан.Бир куну концерттен кийин элдерге плакаттарды мен алып чыккам,арасында бир киши мас экен да,Гулнара эжени плакаттан корсотуп ыйлаган,эмнеге турмушка чыгат мен жактырат элем деп.Азырга чейин эсимде ошол кишинин ыйлаганы.Гулнара эженин куйормандарынын коптугу турмушка чыкканда аябай эле билинген.
0
nazmar
2013-07-05 14:28:29
асеманын куйосунун туру кантет
0
№ 534, 25-31-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан