Айжамал Кабылованын жолдошу Азамат Шакиров:«АЙЖАМАЛ МАГА АРНАП ЫРДАЙ ЭЛЕК»

Бир кезде «Жан, жан, жан, жолуктуң кайдан?» деп ырдаган Айжамал Кабылова өмүрлүк жолдошун алыстан эмес, кошуналарынын эле арасынан жолуктурган. Эми минтип эки жаш өзүнчө очок булатып, эки баланын ата-энеси. Азыркы тапта Москвада жашап жаткан бул үй-бүлө менен байланыштык.

– Азамат, кепти сиздин Айжамалга көз салып жүргөн күнүңүздөн баштайлы...
– Жакшы болот. 6-классыбызда биздин мектепке бир кыз келип окуп калды. «Мм» деп көз кыйыгым менен карап жүрчүмүн. Кийин байкасам, үй жакта ошол кыз жүрөт. Көрсө, ал кезде Айжамал жаңыдан «Кыз-Буракка» келип, кошунабыз Гүлшайыр эженикинде жашап жүргөн экен. Кошуна экенин билип калып, кээде эшикке чыгымыш болуп, болбосо балкондон эмне кылып жатат болду экен деп көз салып турчу болдум. Уялып, жактырарымды ачык айта албай айланчыктап жүргөм.
Кийинчерээк кат жаза баштадым. Сөзүмдүн аягына кызыл менен атымды, номеримди, жаанын огу сайылган жүрөктү тартып жаш балдардан берип жиберчүмүн. Үйүнө чалып, Гүлшайыр эженин үнүн укканда эле коркуп, унчукпай коюп салып жүрдүм. Канча кат жазсам да, Айжамалдан бир жооп келген жок. Мен да үмүтүмдү үзбөй, кайра-кайра жаза бердим. Кийин 6-классты бүтүп түрк лицейге тапшырып, жумасына бир жолу үйгө келген учурда көчөдөн көрүшүп калчубуз. Айжамал сууга барса, мен да эки колума чака алып артынан жөнөөр элем. Бирок сүйлөшкөнүбүз «кандай? Жакшы. Кандай сабак болду?» деген эле сөздөр.

– Кыздын сизге көңүлү бар экенин сезчү белеңиз?
– А силерге Айжамал өзү мага биринчи чалганын айтты беле? (Ары жактан Айжамал бир нерсе деди көрүнөт) Жөн турсаң, мындай мүмкүнчүлүк мага дайым бериле бербейт. Айтып алайын да баарын. Башында жактырарымды айтсам унчукчу эмес. Айжамал балалык сүйүүм бойдон калат окшойт деп көрүшпөй, унутуп калгам.
Бир жолу жаңы эле Түркиядан каникулга келип үйдө жатсам, телефон шыңгырайт. Алсам, бир кыз «таанышып албайлыбы?» деп калды. Көрсө, Айжамал мени түшүндө көрүп, мурун катка жазган номеримди эстеп калган экен, дароо чалыптыр. Ошентип, экөөбүз кайра табышып калдык.

– Тагдыр болгон турбайбы. Айжамал, топто тартип бекем болчу да, кантип жолугуп жүрдүңүздөр?
– Туура, ал кезде бизде тартип катуу болчу. Экөөбүз кайра табышканда мен 23кө чыгып калгам. Азамат менен кошуна жашап, Кенже эжелер үй-бүлөсүн жакшы билгендиктен, уруксат беришкен. Ошентип, 2 жыл эки ай сүйлөшүп баш коштук.

– Турмуш куруу алдында жолдошуңуз кандай мыйзамдары менен тааныштырды?
«Биринчи орунда үй-бүлө болуш керек. Эгер бала-чаканы жакшы карап, үйгө тыкан болсоң, ырдаганга уруксат берем» деген. Шартын жакшы эле аткарып жатат окшойм, азыр жылына 1-2 жолу «Кыргызстанга барып, ыр жаздырып, клип тарттырып кел» деп турат.

– Балдарга тарбия берүүдө ким катуу да, ким болушчаак?
– Азаматтардын өзүндө бекем тарбия болгон экен, ошондуктан балдарды да катуу кармайт. Ал урушуп жатса «менин деле кызым го» деп чый-пыйым чыгып кетет. Кыз балага катуу тиет да сөздөрү, ошого «Жыпараны мен тарбиялайын, сен Темирланды эркекче тарбиялай бер» деп айтам.

– Азамат, жарыңыздын кайсы сапатын анча жактырбайсыз?
– Кечигүү – бардык аялзатына таандык сыяктуу эле, менин келинчегимден да айланып өткөн эмес. Айжамалга бир жакка мынчага барабыз деп эскертсең деле «бизден башкалар да кечигишет, алар жеткенче барып калабыз» деп камырабайт. Эгер өтө сыйлуу жер болсо, таң атпай тургузуп, түртүп жатып эртелетем.

– Айжамал сизге жакпаган иш кылса кантип жазалайсыз?
– Урушпайм, жөн гана катуу айтам. Анын кылгандары боюнча оюмду айтып туруп, үйдөн чыгып кетем. Ага өзүнүн катачылыктарын түшүнүп, электен өткөрүп, жыйынтык чыгарыш үчүн убакыт берем. Катуу айтканым үчүн «туура эмес кылып койдум, кечирип кой» деп эч качан айтпайм. Кайра келсем, Айжамалдын да капасы тарап калат.

– А эгер сиз туура эмес кылган болсоңузчу?
– Анда Айжамал бетиме эле айтат, «сен туура эмес кылдың» деп. Ошондо кадимкидей жаман болуп кетем, уялып. Андыктан бир иш кылар алдында 10 ирет ойлоном.

– Айжамал, жолдошуңуз сизге кандай унутулгус көз ирмемдерди тартуулады?
– Бир эле нерсесин айтып берейин. 2006-жылы февраль айында Азамат Түркияда болчу. 14үндө экөөбүз скайптан сүйлөшөлү деп макулдашканбыз. 13-февраль күнү филармонияда концертке даярданып жатсак, кайним келиптир. «Жүрүңүз, түштөнүп келели» деп бир кафеге алып барды. Азамат экөөбүз мурун кирип отурган кабинкага баратат. Артынан кирсем эле роза гүлүн көтөрүп, жылмайып Азамат турат. Ошондо кубанычтан жүрөгүм жарылып кете жаздаган. Эң романтикалуу күн ошол болду окшойт.

– Азамат, көңүлүңүз чөгүп турганда келинчегиңиз ырдап маанайыңызды көтөрөбү?
– Атактуу ырчылар бар го, түгөйлөрүнө ырдап берген. Анын сыңарындай Айжамал мага да ырдап берсе керек дечүмүн. Кайдан, азыркыга чейин бир да жолу мага арнап ырдай элек. «Ырдап берчи» десең, «ээ, койчу» деп коёт.

– Чыгармачыл адамдар назик болот эмеспи. Айжамал буулуккан кезде кантесиз?
– Маанайы жакшы болсо, үйдү жаңырта каткырып күлөт, анда мен «акырын күлсөңчү» дей берем. Эгер мурункудай каткырбай, ой басып, көңүлсүз иш кылып калса, дароо бир нерсе болду деп түшүнөм. Жумуштан келгенимде да «тамак же» деп коюп уктап калат. Ошондо «сага эмне болду?» деп сүйлөшүп, себебин билип, маселени чечип алабыз.

– Жакында эс алып келипсиздер, кандай өттү? Анан да Кыргызстанга качан кайтасыздар?
Айжамал: – Москвадан Жаңы жылды тосуп, 3-январда Шри-Ланкага 10 күн эс алууга барып келдик. Ошол жактан кызымдын чоңоюп калганын сездим. Кадимкидей пил, таш бакалардан коркпой ойноп калыптыр. Мындан кийин да жыл сайын кышында ысык өлкөгө барып эс алууну салтка айлантсакпы деп турабыз.
Азамат: – Азыр Кыргызстанда абал туруктуу эмес. Андыктан мекенибизде толугу менен бейпилдик орногончо Москвада эле жашап турабыз.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Sema80
2013-01-29 09:49:48
Азаматсынар
0
mahabat.
2013-01-29 10:36:10
кыз бурактын татынакай кызы айжамал эле болчу
+1
Айнура Салахидинова
2013-01-29 19:32:27
Baktyluu bolgula!
0
kinaza
2013-01-29 20:43:49
Бири бирине жарашкан соонун уй було, сиздерге коз тийбесин Бактылуу болгула.
0
chynar_09
2013-01-30 02:13:22
Бактылуу болушсун жолдошу кыргыздарга окшобойт экен ээ
0
Bayan1982
2013-01-30 03:47:27
бактылуу болгула
0
Bat
2013-01-30 08:25:07
Негизи Айжамал жакшы ырдайт, бирок Кызбурактан кеткенден кийин начар ырларды ырдап калды.
0
erkele
2013-01-31 08:54:56
супер инфо бир кездеги ырчы айым жонундо жазгылачы турмушкп чыкты кыздуу болду дегенден кийин эле кабар жок биз аны сагындык таланттуу айым мумкун болсо ырларын жуктоп коесуздарбы алдын ала чон рахмат жана чыдамсыздык мн кутобуз.
0
N.Bakazova
2013-01-31 23:50:51
ui bulonordo tynchtyk bekemdelsin! Baktyluu bolgula
0
Bishkek
2013-02-01 04:21:55
baktykuu bolgula
0
aika2009
2013-02-02 00:15:07
мага ваще жакпайт айжамал !
-2
gulzarali
2013-02-03 05:18:37
ohna жайладын да))) ар ким озуно жакшы адам да.
0
joma88
2013-02-03 13:07:56
бактылуу болунуздар.
0
admin_media
2013-02-04 11:01:46
Баарыңарга эскертүү!
Жеке маек үчүн купуя бар!
0
ymyta
2013-02-08 17:08:01
Айжамал кыргыз ырчы кыздардын эн алдынкысы,бир гана окундургон нерсе коп ырдабай калды,Бирок менин оюмча уй булоолук бакытка эч нерсе жетпейт,100000 тапсан да кудай жалгыздыкты бербесин!!! Андыктан уй булоосуно бакыт каалайм!!!
+1
№ 534, 25-31-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан