Кычыраган кыш, тайгак жолдорбу же ысык аптап, деңиз жээгиби?.. Кайсынысын тандайсыз? Албетте, экинчи вариантты. Биз минтип тандап, кыялданып отурган чакта «Супер сулуу-2012» сынагынын жеңүүчүсү Гузеля Келдибаева «Супер-Инфо» гезитинин башкы редактору Бурул Исмаилова менен чогуу Индиянын Гоа штатына ушул жумада сапар тартат. Эсиңиздерде болсо, Гузеля сынактын жеңүүчүсү аталып, экзотикалык өлкөгө жолдомо утуп алган. Гоага сапарды сулуу эс алуудан келгенде берели, ага чейин «Супер сулуу-2011» аталган Айсулуу Өмүралиева Кытайдын Хайнань аралына болгон сапарынан кыскача айтып берсин.
– Айсулуу, Хайнанга барып келген жеңүүчү катары Гузеляга кандай кеңештерди берер элең?
– Эң негизгиси, бейтааныш өлкөгө барганда өзүнө сак болушу керек. «Сактанганды Кудай сактайт» дегендей, биз кооптонуп түнкүсүн көп сыртка чыккан эмеспиз. Ошентсе да мындай сонун мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканда кооз арал менен таанышып, ар кайсы экскурсияларга калтырбай барып, жерин-элин көрүп келгенди да унутпаш керек.
– Саякаттан өзгөчө эсте калганы эмне болгон?
– Маймылдар аралы азыркыга чейин көз алдымда. Ал жерден адамдан коркпой өнөр көрсөткөн, бийлеп, салам берип учурашкан жайнаган маймылдарды көрдүк. Цирктерден көрүп жүргөн маймылдар бул жакта эле калат экен. Маймылдардан аябай корккондуктан, качан, кайсы жерден чыга калат экен деп чочулап жүрдүм. Жалпысынан саякаттан аябай жакшы таасир алып келгем. Бул үчүн дагы бир жолу «Супер-Инфо» гезитине рахмат!
– Тамак-ашы жакты беле?
– Чынын айтсам, тамактары өтө ачуу экен. Биздеги кытай ашканаларында өзүбүзгө ылайыкташтырып көп ачуу жасашпайт го дейм. Айтор, Хайнанга барып кытай ашканасынын чыныгы даамын таттым.
Ал эми кезектеги жеңүүчүбүз Гузеля саякат алдындагы сезимдери менен бөлүштү.
– Гузеля, мына бир-эки күндөн кийин Гоага сапар тартканы турасың. Даярдык кандай?
– Кийимдеримди чогултуп даярданып жатам. Интернеттен Гоаны караштырып, кызык жерлерин белгилеп алып эртерээк барып көрсөм экен деп турам.
– Мурун чет жактарга жалгыз чыгып көрдүң беле?
– Жок, чет жакка биринчи жолу чыгып жатканыма байланыштуу аябай толкунданып жатам. Жеңсем деле барамбы же барбай каламбы деп ишенбей жаткам. Эми минтип учабыз дегенде жүрөгүм алып учуп баштады.
– Анда сапарың байсалдуу болсун.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg