«СЕЛСАЯКТАРДЫ ЛЮКТАРДАН ИЗДЕП ЖҮРҮП ЖАТАКАНАГА АЛЫП КЕЛДИК»

Каракол шаарында тагдырдын сыноосуна кабылган багар-көрөрү жокторго атайын жатакана берилди. Эми алар ошол жерде баш калкалашабы же адатын карматышабы?

«КҮЙҮТҮМДҮ БАСАМ ДЕП ИЧИП КӨЧӨДӨ КАЛДЫМ»
Тегереги тосмо менен кармалган атайын бул жайда бүгүн селсаяктар арбын. Арасында аялы, эркеги, жадакалса жаш балдар да бар. Жатакананын ичине кире бергенде адегенде көзүңө медициналык текшерүүдөн өтүүчү бөлмө урунат. Анткени бул жерге келген селсаяктарды алгач жуунтуп, медициналык текшерүүдөн өткөрүшөт. Чакан жуунуучу жай, жыйырма кишиге ылайыкталган эки бөлмөдөн турат экен бул жатакана. Зеригишпесин деп телевизор орнотулган эс алуучу бөлмө да орун алган. Жатакананын шарты менен таанышып, айрымдарын кепке тарттым. Өзүн ЗАМИР КЫШТОБАЕВ деп тааныштырган мырза буларды айтып өттү:
– Мындай абалга келип калышым жумушсуздуктун айынан болду. Бир кезде жакшынакай үй-бүлөм бар эле. Бир күнү күтүлбөгөн жерден үйүбүздөн өрт чыгып, бардык оокатыбыз, документтерибиз күйүп кетти. Акча таба албай отуруп калдым. Үйдө чыр-чатак арбып, жубайым экөөбүз түшүнүшө албай ажырашып кеттик. Күйүтүмдү басам деп ичип жүрүп минтип көчөдө калдым. Балдарым бар, бирок аталык милдетимди аткарбай туруп кантип алардан жардам сурайм?!
Көзүм ооруйт, ошого карабастан кандай жумуш чыкса иштеп келем. Документтерим жок болгондуктан, туруктуу жумуш таба албадым. Суукта үшүп, бир аз акча тапсам, арак ичем. Себеби ичкенде бардык нерсени унутуп коём. Эми бул жактан документтериме жардам беришсе иштеп кетет элем.
Кийинки маектешим орус улутундагы Лена деген аял буларды айтууга араң жарады.
– Көчөдө жашаганыма 7 жыл болду. Жолдошум каза болуп, анын бир туугандары мени үйдөн кууп чыгышкан.

«СЕЛСАЯКТАРДЫ КООМЧУЛУККА КОШОБУЗ»
Селсаяктардын көйгөйлөрү толтура. Алардын бири документке муктаж болсо, экинчиси үй-жайга муктаж, үчүнчүсү дары-дармекке. Аларга кантип көмөк көрсөтүүгө болот деген суроо менен Ысык-Көл облусунун Кызыл Жарым Ай коомунун өкүлчүлүгүнүн төрайымы ЖЫПАРГҮЛ КАДЫРАЛИЕВАны кепке тарттык.
– Каракол шаардык мэриясы, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, «Тазалык» муниципалдык ишканасы, Кызыл Жарым Ай коому жана башка сегиз мекеме, ишканалар биригип, атайын бир долбоорго катышканбыз. Бактыга жараша, долбоордон 1 миллион сом каражат утуп алдык. Бүгүнкү күндө Каракол шаарында 120 селсаяк бар. Биз сураштырып, люктарда күн көрүп келгендерди милиция кызматкерлери менен бирге чогултуп жатабыз. Аларды коомчулукка кошуп, иш менен камсыз кылалы деген тилектебиз.
Жатакана 20 кишилик, бирок тамактанууга бүгүнкү күндө 50 киши келип жатат. Күнүнө эки маал тамак берилет. «Мага жардам бергиле, жашоомду оңдогум келет» дегендерди гана тандап алдык. Курсагы тойсо эле «кетебиз, биз эч бир жумушта иштей албайбыз» дегендер четтен табылды. Андайларга жардам бере албайбыз. Каракол шаардык «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар көчө адамдарын атайын ишке алыша турган болду. Жумасына 1000 сом өлчөмүндө айлык төлөп берип турушат. Паспорту жокторго паспорт алып берип, жумуш таап, карыларга пенсия чыгартып беребиз.

Ооба, маңдайга жазган тагдырдан кутула албайсың дечи, бирок башка келген сыноодо чөкпөй, көтөрө билүү эрдик. Мындай сыноолорго туруштук бербей көчөдө калгандарга жардам көрсөтсөк, алардын саны азаят беле, ким билет?..

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aridan777
2013-01-28 22:56:50
Кудай сактасын мындай тагдырдан.
0
Nur_meerim
2013-01-29 15:57:08
Жакшы иш баштапсынар! Ишинер илгери болуп, соопко кала бергиле!
0
Asiyo
2013-02-01 13:07:57
Ооба аябай чон сооп болот.
0
№ 534, 25-31-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан