Уктап жатканың керемет болчу. Кучагымда туруп жоготуп алдым. Уучумда туруп учуп кеттиң. Аялуу, азгырыктуу бул көздөр мени түшүмдө да, өңүмдө да ээрчип алган эле. Билесиңби, эгерде мен сүрөтчү болуп жаралсам, өмүр бою сенин сүрөтүңдү тартып жүрүп өтмөкмүн. Эгерде экөөбүз башка жагдайда жолукканда бардыгы башкача болмок. Ажырашып кеткенибизге көп болсо да, мен али сенден өзүмдү бөлүп кете албай койдум. Алыстан көрөм да, сага даап сүйлөй албай же жаныңа бара албай, артыңдан узата карап кала берем. Тек гана түшүмдө да, өңүмдө да көздөрүңө сыйынам. Көздөрүң муңга толуп, башкача карайт. Жаралуу аркардай жалооруган көз карашың жүрөгүмө канжар болуп сайылчу болду.
Байкашымча, жүрөгүңдө кайгы бар. Кыйналып жүрөсүң. Эмне кайгы тартып жүргөнүңдү билсем кана?! Бирок сен эч нерсе айтпайсың. Балким, менин бул жашоодо бар экенимди, сен үчүн баарына даяр экенимди билбестирсиң. Мен сага жөлөк болгонго даярмын. Бирок сен ошону, жок дегенде жөлөк болуумду каалаар белең? Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Ашыкча өзүңө ишенимдүүсүң. Жардын кырында турганыңды билсем да, кол созо албайм. Мени өзүңө жакындатпайсың. Адатыңча бардыгы ичиңде...
ххх
Мен сени качандыр бир кезде сүйбөй калышым мүмкүнбү? Эгерде андай болсо, мен үчүн бул жашоонун кереги болбой калабы деп корком. Күндүн атканы менен батканы, жашоонун өкүнүчү менен кубанычы бирдей болуп, айланамды кара туман басып калса керек. Сен жөнүндө айтылган ушактарга ишенбейм. Анткени сен наристедей тазасың, периштедей күнөөсүзсүң. Мен сени коргошум керек эле, коргой албадым. Сен тууралуу көп сөздөрдү угам. Ал сөздөрдү сени көрө албагандар чыгарып жүрүшөт. А балким, ошондой болгон күндө да сени күнөөлөбөс элем. Бирок катуу кыйналдым.
Адатымча сени издеп бара жаткам. Анткени ушул аялдамада көп турасың. Сенин тааныш карааныңды издеп бара жатып, жолдун четинде турган машинага көзүм чалына берди. Карасам, ичинде сен отурупсуң. Башка адам менен... Ал сени олдоксон кучактап, апакай алкымыңдан өпкүлөп жаткан экен. Жүрөгүмө бирөө канжар матырып алгандай «тыз» этти. Бүткөн боюм муздай түштү. Акырын ордунан жылып бара жаткан машинаны карап, көзүмдөн жаш чыкпаганы менен, жүрөгүм шолоктоп ыйлап жатты. Сени жашатып алган кооз ааламым талкаланып, кыялым, үмүтүм быт-чыт үзүлүп, көзүм тунарып бара жатты.
Көз ирмемде бийик деген сепилим урап, тунук деген булагым ылайланып каларын билбеген элем го. Сен ал адам үчүн эч нерсеге арзыбасыңды сездиң бекен? Ал мансабына, байлыгына чиренип, сендеги таза нерсенин баарын ылайлатып, өзүңдү тепселеп жок кыларын сездиң бекен?
А мен... Мен сендеги тамчыдай тазалыкты, сулуулукту сактап калгым келген. Колумдан келбеди, сактай албадым. Мендеги сезимди билбей калдың. Сени суук көздөрдөн, ыпластыктан сактап калгым келгенин байкабай калдың. Көлөкөңө сыйынып, баскан изиңди издеп жүргөнүмдү байкабай калдың.
Аттиң, бири кем дүйнө... Эми баары кеч. Бардыгы бүттү. Жүрөгүмдүн тереңинде муңайым тиктеген мурунку кара көзүмдүн элеси калды. Бирок дагы деле дүйнөм ошол көздөрдүн туткунунда...
Асылбек