КЫЗДЫН МАЙЫП БОЛУШУНА ДЕПУТАТ КҮНӨӨЛҮҮБҮ?

Кеңсебизге 4 баланын атасы, 2-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Айдар Усупов баш бакты. Айтымында, ал 5 жылдан бери акыйкаттык издеп, бирок чындыктын өтөсүнө чыга албай жүрүптүр.

АДАМДАН ТЕМИР КЫМБАТПЫ?
Жалгыз кызы заматтын ортосунда кантип майып болуп калганын ата төмөнкүчө арман кылып отурду:
– Кызым Мээрим Усупова мектепти аяктап, 2008-жылдын 8-октябрында борбор калаабыздагы «Дос-Конфи» ЖЧКсынын кондитердик ишканасына жумушка орношкон. Жумушка орношкондо эмгек келишими түзүлбөптүр. Бул ишкана мыйзам чегинде иш алып барбайт экен. Мындан тышкары жаңы ишке орношкон адамдарга коопсуздук эрежелерин кантип сактоо тууралуу түшүндүрүү иштери өткөрүлүш керек болчу. Ал да болгон эмес.
Ошондой көңүл кош мамиледен улам Мээрим иштегенине бир жарым ай болгон соң, тагыраак айтканда, 2008-жылдын 22-ноябрында иш үстүндө болгон кырсыктан улам оң колунан оор жаракат алып, өмүр бою майып болуп калды.
Окуя мындайча болгон. Кызым иш ордуна барса, станок тазалагыч жок экен. Жанындагы кыздан сураса, ал кулагына наушник тагып музыка угуп жаткан неме көңүл бөлбөй «колуң менен түрт» деп коёт. Мээрим колу менен түртсө, тегеренип жаткан станоктун барабаны колун кыпчып кетет да, жанчып, бүт талкалап таштайт.
Кызымдын колу станокто кыпчылып, ыйлап турса, ишкананын жетекчиси, слесары, жумушчулар – баары чогулушат. 20 мүнөттөн ашык убакыт өтөт. Анан слесарь «колун чыгарыш үчүн станокту кесиш керек» десе, ишкананын жетекчиси Павел Десятников (учурда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты) «станок кымбат турат, кесем деп ойлобогула! Башка айла тапкыла» дептир. Анан тигилер станокту кайра артка айлантат, кызымдын колу дагы бир жолу жанчылып чыгат. Ошонун азабынан тарамыштары, эти кесилип, 7 саатка созулган операциядан кийин кызымдын оң колу азыр сенек болуп катып, кыймылдабай калды.

«СТАНОКТУ КЕСИШКЕНДЕ, БАЛКИМ, КЫЗЫМ МАЙЫП БОЛБОЙ КАЛАТ БЕЛЕ?..»
– Ишкананын жетекчиси Павел Десятников кырсыкка байланыштуу мыйзам боюнча Н-1 актысын түзүүдөн баш тартты. Жеке кызыкчылыгын көздөп, «кырсык боюнча актыны сурабагыла, кызды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген деп Борбордук майыптыкты аныктоочу комиссиядан өткөрбөгүлө, мен ЖОЖдун контрагын төлөп берем. Силер «дообуз жок» деп жазып бергиле, андан соң «разбежимся». Эгер буга көнбөсөңөр, акчам бар, адвокаттарды жалдайм. Соттордун артынан жүрө бергиле, алардын да баасы бар. Соттор менен сүйлөшүп, ашып кетсе 500 сом айып төлөп кутулам!» деди. Мен ага «сени ордуңа коё турган чынчыл адамдар, тиешелүү мекемелер табылат!» десем, ал «макул, билген жериңе бар!» деп жооп кайтарды.
Тилекке каршы, ошондон бери П.Десятниковдун сөзүн сүйлөгөн коррупционер, саткын кызматкерлер бар экенин өз көзүбүз менен көрдүк. Арасында өз ишине так, чынчыл кызматкерлер да жок эмес. Бирок ушунча убакыттан бери депутаттын адвокаттары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды чүлүктөгөн букадай кылып сүйрөп келишти. Барбаган сот калган жок. Кызым айына 4200-4300 сом айлык акы алчу, бирок ишкана сотко «айына 500 сом гана алчу» деп жасалма документке кызымдыкына окшотуп өздөрү кол коюп алып келишти. Ал колду бирөө окшоштуруп койгондугун экспертиза аныктап берди.
Менин сиздерге акыйкаттык издеп кайрылганымдын себеби, ишкананын жетекчилиги Мээримдин иш үстүнөн алган жаракаты үчүн тийиштүү мекемелер менен соттордун эсептеп, төлөп берсин деген чечимдерин аткарышын талап кылам. Ишкананын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Эмгек кодексин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылсын. Мындан тышкары ишти акыйкатсыз, толук эмес караган тиешелүү мекемелердин кызматчыларынын иш-аракетине юридикалык баа берип, алар мыйзам чегинде жоопко тартылышсын. Азыр депутат ММКлар аркылуу «кырсыкты убагында териштирип, акт түзүлгөн, мыйзамдын талаптарын аткаргам. Төлөмдөр өз убагында төлөнгөн, 1 бөлмөлүү үй берсем, 2 бөлмөлүү үй доолап жатат» деп жалган маалымат таратып жатат.

«КОМПЕНСАЦИЯ ТӨЛӨӨДӨН КАЧКАН ЖОКПУЗ»
«Ал эми буга экинчи тарап кандай жооп кайтарат болду экен?» деп ишкананын ээси ПАВЕЛ ДЕСЯТНИКОВго жолугуп, анын да пикирин уктук. Бизге колундагы соттун чечимдерин, документтерди көрсөтүп, буларды айтты:
– Мыйзам чегинде биз соттордун төлөгүлө деген акчасынан баш тартпай төлөп келе жатабыз. Буга чейин Мээрим Усуповага 200 миң cомдун тегерегинде компенсация төлөп бердик. Мындан тышкары операцияга, дарысына жана ЖОЖго окуусуна акча бердик. Бирок кыздын атасы 2 миллион сом компенсация төлөгүлө жана 2 бөлмөлүү үй алып бергиле деп жатат. Биз ага каршыбыз.
Мээрим жакшы иштеген кызматкерибиз болчу. Тилекке каршы, кыздын атасы кырсыктан пайдаланып, биздин компаниядан акча өндүргүсү келип жатат. Баары мыйзам ченемдүү болуш керек. Жакында боло турган Жогорку Соттун чечимин күтүп жатабыз. Свердлов райондук соттун чечими менен депозиттик эсебине 149 миң сом компенсация төлөгөнбүз, эгер Жогорку Сот мындан эки эсе көп компенсация төлөгүлө десе, биз макулбуз. Бирок кыздын атасына миллиондоп акча төлөп бере албайбыз.

Юристтин кеңеши

«ЭМГЕК КЕЛИШИМИ ТҮЗҮЛҮШ КЕРЕК»
Жогорудагыдай кырдаалдын алдын алуу үчүн жумушчу менен ишкана эмнеге милдеттүү экенин юрист
АЙНУРА СЫДЫКОВА бизге төмөнкүчө түшүндүрдү
:
– Жаран жу­мушка жа­ңы орношуп жатканда, мыйзам боюнча, иш берип жаткан ишкана менен эмгек келишими түзүлүш керек. Ошол келишимде жумушчунун канча айлык ала тургандыгы, кошумча төлөм, иштин ден соолукка канчалык деңгээлде зыяндыгына карата же иш үстүндөгү кокустуктарга жараша төлөнүүчү компенсациялардын көлөмү жазылат. Мындан тышкары ишкана тарабынан жаңы ишке кирген жумушчуга анын кызматы, коопсуздук эрежелери тууралуу кенен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүсү шарт. Ушундай талаш учурларда эки тарап тең эмне кылыш керек экендиги эмгек келишиминде көрсөтүлөт.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кыздын майып болушуна ким күнөөлүү?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
aizish
2013-01-29 04:17:54
Ушундайларды угуп коргондо алдынкы келечекти элестетуу кыйын болуп калды. Биздин олкодо качан мыйзамдуулук орнойт? Байкуш атасы майып болгону аз келгенсип эми кызы... Эми келечеги кандай болот турмушка да чыгалек болсо. Бир колунан эле эмес ар тараптуу байып болду. Адамдарды билебиз кун откон сайын кемсинтуу пайда болот. Суперчилер бечара деп жазбагыла кызга оор тийет! Мээрим сен кучтуусун озунду таштаба баарын женесин Аллах жардам берет. Ал эми директор сорой качандыр бир кун жазасын алат.>:)
+2
Fekus
2013-01-29 11:12:56
Акмакчылык, жоопкерчиликсиз.... өзүнүн баласы ушундай кырдаалга туш болсо дүйнөгө даттанмак....
+1
Zhenishbek_87
2013-01-29 15:05:53
адам омурунон станокту ойдо койгон акмактарды олтуруш керек ошону менен бирге ал кыргыздын кызыго кантип акыйкаттык менен ал кызга жардам бере турган адам жок
0
aiza11.3
2013-01-29 17:30:40
байкуш кызга боорум ооруп кетти
0
Айпери Сыдыкова
2013-01-29 23:58:41
Десятниковдун колун станоко кыпчып,айлантып,7саат операция кылып,майып кылыш к.к.ошондо тушунот кыздын акыбалын
+4
remma
2013-01-30 14:36:11
Депутаттардын бизнесине тыюуу салыш керек айтканын карабайсынарбы соттун бааларын керек болсо пожизненно толойт 2миллион аз адамдын омурун эмес станокту сактап калганын кара акмак ошонусу учун да керек болсо соттосо болмок эми баары бир закон жок да
0
Voin.teni
2013-01-30 15:22:24
Дагы шаардык кенештин депутаты экен... Адам катары кызды ойлоп койбогон Депутат болуп эмнени кыйратат эле.....
0
ronaldo_7
2013-01-30 21:54:42
Азыр акчан болсо ТАНКАСЫН, жок болсо МАНКАСЫН деген заман чын окшойт...
0
Elizza
2013-01-31 01:02:09
azyr adamdyn omurunon dagy temir kymbat bolup kalganby....adamdar emne bolup baratat kimde kunoo bolso kudaiym jazasyn bersin
0
aziret_voin
2013-01-31 19:36:24
Кыздын эми омур бою колу иштебейт эгер иштесе ошол кымбат апараттан 100ду тапмак ээх адамдаар кайсыл жака баратабыз заман эмес адам баласы озу кайсыл жака баратат.....
0
Aliyar85
2013-01-31 20:07:59
неге акча дейт соту и башкасы значить мен бироону атайлап колун кесем компенцасия толойм и болдуго е
0
TolonturCN
2013-02-03 17:29:47
Кызга убал болуптур, адамдын саламаттыгынан да станок кымбат экен да, кыздын атасына ушунчалык ичим ооруп кетти, кылгырып, оор үшкүрүнүп сүйлөгөнүнө адамдын боору ачйт, депутатка башка мыйзам карапайым калыкка башка мызам жок чыгаар, сакчыкана, тиешелүү орун, органдар жакшылап сурабай койгонунан улам бул киши гезитке маалымат берип коомчулукка билдирип жатабы.
0
Aidaika92
2013-02-03 20:22:28
Да будьте вы прокляты богатые депутаты гнилые
0
jolonali
2013-02-03 23:27:41
Салам балдар менин атым Гуля
Салам Мерим капа болбо,бул дуйно кайтар дуйно.
Сенин тарткан азабындан 10 эсе тарттат. Кудай ОЗУ жазасын берет буюрса. Ал Эми сага бир багы ачылган жакшы жигит туш болот. Ошол жигит менен баааааактылуууууууу жашап кичикей наристерлер багып остуросун. Буш окуяны сага берилген сыноо дер бил макул.
0
ayjamal83
2013-02-14 14:58:35
eldi ondoibyz dep aitat moy akmaktar samom dele bardykty jalpaiyp otyryp alyp yshylar kylyp jatat chekeden atysh kerek
0
№ 534, 25-31-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан