Бишкекте Свердлов РИИБинин ыкчам иликтөөчүлөрү «алдамчылык менен алектенген» деп күнөөлөнгөн аялды колго түшүрүштү. Кармалгандан кийин бул аял Талас шаардык жана Бишкек шаарынын Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылык кылганы үчүн изделип жүргөндүгү белгилүү болуп отурат.
«ЭЛДЕРДИ АЛДАП ЖҮРГӨН»
– Өткөн жылдын 30-декабрында Свердлов РИИБине Алчакан Кулушева деген аял арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү күндүзгү саат 10-11лерде «Аламүдүн» базарында жайгашкан радиотүйүндө Чынара деген аял жумуш берем деп алдаган. «Сени кондитердик фирмага жумушка орноштурам, жүр, эми муну жууйлу» деп кафеге киришиптир. Анан «мен бирөөгө телефон чалып алайын, телефонуңду берип тур» деп жабырлануучунун уюлдук телефонун алган бойдон изин суутуп кетиптир. Телефондон мурун 3 миң сом акчасын да алган экен. Кармалгандан кийин ал аялдын аты Чынара эмес эле, 1967-жылы Талас облусунда туулган Гүлнара Осмоналиева деген жаран экендиги аныкталды. Мындан сырткары бул аял Бишкектин Чапаев көчөсүндө ижарага дүкөн алып иштетип, фирмалардан товар, элдерден карызга акча алып качып жүргөндүгү белгилүү болду,- дейт Свердлов РИИБинин ыкчам иликтөөчүлөрү.
СИЗОдон суракка алынып келинген, кылмышка шектелип жаткан Гүлнара Осмоналиева алгач биздин суроолорубузга жооп бербей жаткан. Бул ортодо Гүлнарага акча берип, кайра кайтарып ала албай калган ЗУУРАКАН АСАНБАЕВА деген да аял арыз жазганы келип калып, аны сөзгө тарттык.
– Гүлнараны мурун таанычу эмесмин, үйүмдүн жанында павильон иштетчү. Менден «эже, мага карызга акча берип туруңуз. Үстөгү менен кошуп берем» деп 20 миң сом карызга акча алган. Анан 10 миң сомдой төлөгөндөн кийин эле Гүлнараны таппай калдым. Менден башка да карызга акча, товар берип ала албай жүргөндөр бар экендигин кийин билип отурам.
Буга чейин эч нерсе айтпай отурган Гүлнара Зууракан айым менен айтыша кетти.
– Мен сизге акчаңызды кайтарып бергем, бир аз эле акчаңыз калган. Аны мен дүкөндө сатуучу болуп иштеген кызга дайындап кеткенмин.
Зууракан айым болсо «мунун уяты жок экен» деп сүйлөнүп калды.
«КАРЫЗДАРДЫ ТӨЛӨӨГӨ АЛЫМ КЕЛБЕЙ КАЛДЫ»
Андан соң «ишенсеңер ишенгиле, кааласаңар ишенбегиле, мындайча күнөөлөнүп жатам» деп ГҮЛНАРА айым төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Көп жылдан бери кийим тигүүчү цехтерде тигүүчү болуп иштедим. Анан ижарага дүкөн алып, топтогон акчама товар алып иштете баштадым. Балам тигүү цехинде бычмачы болуп иштеп, тапканын дүкөнгө товар алганга кошуп турчу. Ишим жакшы эле жүрүп келаткан, бирок кийим тиктирип Казакстанга жөнөтүп турган бир таанышыма алданып калдым. Менин акчама кездеме алып, цехке кийим тиктирген элек. Ал таанышым банкрот болуп, азыр Москва шаарында иштеп жүрөт. Болгондо акчамды кайтарып берем деген. Андан кийин айла жок баламдын атына кредит алдык. Мындан сырткары ар кимден үстөгү менен карызга акча алууга туура келди. Карыз алгандарымды балама айткан эмесмин.
Июнь айларында соода жай жүрүп, карыздарды төлөөгө алым келбей калды. Айла жок, бирөөнү дүкөнгө сатуучу кылып иштетип, өзүм кайра тигүүчү болуп иштейин деп чечтим. Лена деген аялдан да 1200 доллар үстөккө акча алып, үстөгүн убагында төлөп турган болчумун. Ага «жакшы бир сатуучу таап бер, дүкөнгө иштетейин» десем, ал Олеся деген кызды таап, ага дүкөндө болгон товарды эсептеп өткөрүп бердим. Дүкөнгө 2-3 күн келбей калсам, Зууракан эже келген экен, Олеся «мен жөн эле сатуучумун» деп акча бербей коюптур. Анан мен Сокулукта жашаган бир таанышымдын үйүнө барып 5-6 күн калып калгам. Бул ортодо Лена балама «апаң мага 1200 доллар карыз, ошону төлөп бер» деп ызы-чуу кылып жибериптир. Балам болсо ага «дүкөндө болгон товарды ала бер» деп коюптур. Ал жерде 116 миң сомдук товар бар болчу.
Гүлнара Осмоналиева мурун да алдамчылык, уурулук беренелери боюнча бир нече жолу соттолуп чыгыптыр. Учурда алты алдамчылык фактысы менен күнөөлөнүп жатат. Милиция кызматкерлеринин айтымында, анын үстүнөн мүмкүн дагы да фактылар чыгышы мүмкүн. Ошондуктан жогорудагы сүрөттөгү аялдан жапа чеккендер болсо 0550 50-50-03, 0770 60-50-60, 0551 99-29-29 телефон номерлерине чалып, милиция кызматкерлерине кабарлап койсоңуздар болот.
Бул аял чын айттыбы же жалган айттыбы, биле албайбыз. Аны кылмышка барууга оор турмуш кириптер кылдыбы деп да ойлойсуң. Бул аялга окшоп бир карызын жабам деп башка карыз алып, үстөгү көбөйүп, карызга белчесинен батып калгандар көп.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg