КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

ТЕМИР ТУЛПАР УУРДАГАН АДАМ КОЛГО ТҮШҮРҮЛДҮ
Бишкек шаардык МАИ кызматкерлери тарабынан автоунаа уурдап, анан ал автоунаа менен бир нече жол кырсыгын жасаган адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. 20-январда түнкү саат бирлер чамасында Бишкек шаарындагы түнкү клубдун жанынан 23 жаштагы жигитке тийиштүү Мерседес үлгүсүндөгү автоунаа уурдалган. Ууру автоунаанын ээсин алдап ачкычын алган да, токтоп турган автоунааны айдап кеткен. Автоунааны айдаганды билбегендиктен, ал эки жолу башка автоунааларды сүзүп качып кеткен. Үчүнчү ирет мал жүктөп бараткан Хундай Портер үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп качып кетмекчи болгондо МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалган адам мас абалында болуп, милиция кызматкерлерине «мен жүргүнчүмүн, рулда таксист болгон» деп алдоого аракет кылган. Ким рулда болгондугун байкаган МАИ кызматкерлери анын колун кайрып, милиция бөлүмүнө жеткиришкен.
Учурда кылмышка шектелип кармалган Кант шаарынын 25 жаштагы тургуну Ф.Р. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул ишти Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмү иликтеп жатат.

ИШКЕРЛЕРДИ КОРКУТУП АКЧА ТАЛАП КЫЛЫП ЖҮРГӨН
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы башкы башкармалыгынын кызматкерлери акча талап кылганга шектелген кылмыштуу топтун мүчөсүн кармашты.
ИИМдин билдиришинче, өткөн жылдын аягында Ош облусунун Кара-Суу районунда белгисиз адам ишкерлерди коркутуп, “отметка” кылып турушун талап кылган. Ал бир нече жолу келип коркутуп, 300 доллар алып кеткен. Көп өтпөй бул факт оперлерге жетип, алар керектүү маалымат топтошкон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн өздүгүн аныкташып, үстүбүздөгү жылдын январь айында аны Бишкек шаарынан кармашкан. Милициянын маалыматы боюнча кылмышка шектелип кармалган 39 жаштагы Ош облусунун тургуну Р.Р. уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 170-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

ПОЛКОВНИК ШОНОЕВДИН ӨЛҮМҮНӨ КҮНӨӨЛӨНҮП 4 ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча бөлүм башчысы, полковник Толкунбек Шоноевдин өлүмүн изилдөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча кылмышка шектүү 4 жаран кармалып, дагы бирөө издөөдө. Бул тууралуу 18-январда Ички иштер министринин орун басары Болот Абакиров жана Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаев билдирди. Ош облустук прокурорунун айтымында, Шоноевдин өлүмүнө байланыштуу иликтөөлөр коомчулуктун тынчын албоо үчүн сыр катары сакталат. Алдын ала версиялар боюнча, Толкунбек Шоноевди кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу өлтүрүшкөн.  Учурда аталган окуя боюнча 5 адам кармалып, айыпталууда. Биринчи кармалган Жылдызбек Карамбаевден сырткары 1985-1988-жылдары туулган Ж.Т., М.У., Э.Э., А.С. аттуу жарандар колго түшүрүлдү. Иликтөө иштери уланып, тергөө иштери жүрүүдө.

КАРА-БАЛТАДА КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨСҮН АТЫП КЕТИШТИ
2013-жылдын 18-январында кечки саат 17:00 чамасында Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын «смотрящийи» аталып жүргөн 29 жаштагы Урмат Садабаевди өз үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Маалыматтарга караганда, маркум шаардын «смотрящийи» жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кара-Балта ШИИБинин каттоосунда турган. Укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерден Макаров үлгүсүндөгү тапанчадан атылган 2 ок табышкан. Алдын ала иликтөөлөргө караганда, У.Садабаевди кылмышкерлер үйүнө келе жаткан учурда атышкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
alimyrza93
2013-01-31 23:11:53
vot tvar a
0
№ 534, 25-31-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан