Учурда бүткүл КМШ өлкөлөрүнүн, анын ичинде кыргызстандык футбол сүйүүчүлөрүнүн негизги темасы Санкт-Петербургда өтүп жаткан футбол боюнча Шериктештик Кубогу экени белгилүү. «В» тайпасында оюн көргөзүп жаткан Кыргызстан жаштар курама командасы 3 оюндун экөөндө тең чыгып, биринде утулуу менен мелдеш эшигин жапты. Бирок бардык оюнда татыктуу оюн көргөзүп, такай сындап келген элдин пикирин өзгөртө алды. Курамдын башкы машыктыруучусу Анарбек Ормомбеков: «Мени сүйүндүргөнү биздикилер эсептик катышта алдыга чыгып жатканы болду. Чейрек финалга чыгуу үчүн жеңиш гана керек болчу»,- деди.
Мелдештин финалы 27-январда болот. Учурдагы чемпион – Орусия быйыл да мелдеште башкы талапкер катары көрсөтүлүүдө. Кыргызстан көрсөткөн оюндардын жыйынтыгы:
18-январь. Кыргызстан–Казакстан – 1:3
20-январь. Орусия–Кыргызстан – 0:0
21-январь. Өзбекстан–Кыргызстан – 2:2