21-январь, ишемби күнү Ташчайнар деген лакап ат менен белгилүү болгон Нурлан Алишеров жыл сайын Украинада өтүүчү «Украина – менин таланттарым» долбооруна аттанды. «Быйыл бул долбоордун 5-сезону өтөт. Финалдык баскычына бара жатабыз. Мен тишим менен таш сындырмай болуп жатам. Ошондой эле теримди көзөп шакекче тактырып, автобус сүйрөйм. Автобустун салмагын билген жокмун. Бирок ичине 30 киши отургузабыз деп жатышат»,- дейт ал.
Негизи, каражат жоктугунан көп мелдештерге катыша албай жаткан Нурлан мырза бул телешоудон соң дароо Германияга аттанат. Мекендешибизге ийгилик каалайбыз!