Америкалык веложарышчы, допинг колдонгону үчүн «Тур де Франс» мелдешинин 7 титулунан жана «Сидней-2000» Олимпиадасынын коло медалынан кол жууп калган Лэнс Армстронг күнөөсүн эл алдында моюнга алды. Дүйнөлүк спорттун баатыры, аракеттүү жүрүштүн үлгүсү болгон Лэнс көп жылдар бою дүйнө элин алдап келгенин америкалык телеканалдардын бири аркылуу айтып, өкүнгөнүн билдирди. «Допинг колдонуу мага көнүмүш болуп калган. Мен аны өзүм эң көп кайталаган ката деп билем»,- дейт ал. Ошондой эле анын допингге тийиштиги бар экенин айтып чыккандардын бири Эмме О'Рейлини жаман сөздөр менен басынтып, кийин сотко да арыз жазганы жарыкка чыкты. «Менин оюмча, допинг колдонбой туруп «Тур де Франсты» 7 ирет утуу мүмкүн эмес. Эми мен калган жашоомду өзүмө ишеним топтоо жана мен алдаган адамдардан кечирим суроо менен өткөрөм»,- деди.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg