ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН

(Башы өткөн сандарда)

– Бемуля, кеттик!
– Кайда, кайда барасыңар, кызык эми башталды?..- деп классташтар таң кала карап калышты. Тилек да оюндун кызуусуна кирип, Асманды унутуп коюптур. Камиланын жанында жыргап ким кайда кетейин деп жатканы менен иши жок отурат.
– Ме, туулган күнүң менен! Биз кеттик, жакшы өткөр.
Асман ала келген белегин Тилекке кекете берди да, сыртка жөнөдү.
– Асман. Кайда, токтогула, кыздар, жеткирип коёбуз,- дегенине болбой эки кыз дарбазадан сыртка чыгып кетишти. Артынан Тилек менен Улан чуркап жүрүшөт.
– Могу экөө өздөрүнчө ызы-чуусун чечип алышсын, жүр, биз булардан оолак басалы,- деген Улан менен Бермет басып кетишти.
– Асман дейм, жүр үйгө, өзүм жеткирип коём дедим го сага!
– Жеткирбей эле кой, Камила экөөң жакшы парасыңар, бүгүн дагы бир жолу далилдедиң аны, бар отура бер, Камила менен!
– Эй, ал деген классташым да, а сен мага андан жакынсың. Аа, кызганып жатам дебейт белең баяле?
– Хм, менби, сениби?
Булардын урушу көпкө созулмак, эгерде Тилектин таякеси болбогондо. Урушуп-талашып дүкөндүн жанына жете бергенде машина токтоп калды.
– Тилек, жүргүлө, классташыңды жеткирип коёлу.
– Оо, жакшы болбодубу, классташым болбой жатпайбы, «жөө барам» деп.
Асмандын айласы калбады, бир чети тобокелчи мүнөзү кармап калды, машинанын эшигин ачты да, алдына отуруп алды.
– Тилек!
– Оу, Мелис байке.
– Урушчаак классташың бар экен. Жана мени аябай тилдеди бул кыз...
Асман көзүндө огу болсо атып ийчүдөй карады жигитти.
– Ой, коркуп кеттим, карындаш...- деп Мелис ого бетер каткырды. Деген менен жигиттин ушул убакта жүрөгү туйлап кетти. Бекеринен жүрөк туйлабайт да, жээнинин сүрөттөрүн карап отуруп дал ушул кызга көзү түшкөн эле. «Супсулуу кыз экен» деп койгон ичинен. «Жакшылап сурап, таанышсамбы» деп жүргөн. Анан минтип бир жума мурун сүрөттөн көргөн кыз бүгүн кашында турат.
Ушул күндөн баштап Мелис тымызын Асманга көз сала баштады. Ал Бишкекте жашайт, окуйт. Кант менен Бишкектин жолу өтө деле узак эмес, каалаган учурда эжесинин үйүнө жетип барат, ал-абалын сурамыш болуп. Шаардагы сүйлөшкөн кызы да Мелистин эсинен чыгып, Асманды акмалап калды.
Тилек менен Асмандын махабаты ушинтип өчтү. Жок, Мелис өчүрбөдү, өзүнөн өзү өчтү, бири-бирине таарынып жүрүп, акыры Тилек Камиланы тандаган өңдүү. Алгач муну укканда кыз жинденди, жашырынып алып ыйлады, акыры көнүп берди. Оюнда кантип Тилектен өч алуу керек деген гана суроо жоопсуз турат азырынча.
Асман мектептен чыгып келатканда кичинекей бала чуркап келип кат карматты.
– Ким берди, кайдан алдың?- дегиче сөзгө келбей жүгүргөн бойдон кетти. Асмандын чыдамы кетип, акыркы сабак бүтөрү менен үйүн көздөй шашты. «Салам, сулуу! Мени тааныдыңбы? Сени жөн жерден капа кылганым үчүн кечир. А так, мен оңойлук менен адамдан кечирим сурабаган жанмын. 11-классты бүтөйүн деп калдың, чоңойдуң, эми эркелебе. Менден качпа, мен жакшы жигитмин. Көрүшкөнчө. Мелис» деген жазуу бар экен алакандай кагазда. «Мелис, Мелис, ким эле бул?» Бир топко дейре башы каткан Асман акыры тапты ким экенин. Тилектин таякеси. «Жеткен жинди неме окшойт» деп алды кыз жиндене. Бирок оюна кайра Тилек түштү. Мына сага, андан өч ала турган кез эми келгенсиди. Колуна ручканы алды да улам бир сөздү баштап, кайра чиймелеп отуруп, акыры Мелиске жооп жазбайм деп чечти.
Кыздар мектептен чогуу келатышкан. Катуу келген машина чаң ызгыта жол жээгине токтоп калды. Шарактап келаткан кыздардын бирөөсү чочуп, «жинди окшойт, көпкөн десе, аз жерден сүзүп кете жаздады» деп сүйлөнгөндө баары машинаны карап калышты.
– Жүргүлө урушабыз, жол эрежесин билбейт окшойт бул байке.
– Койчу, азыр ичинен курсактуу киши чыга калса уят болобуз.
Кыздар ушинтип ачууланып турганда машинадан кычырап кийинген жигит түштү.
– Асман!
Асман жалт карады, Мелис экен. Кабагын чытый коюп, кайра жылмая жанына барды.
– Салам!
– Салам, силер жеткен бейбаш экенсиңер!
– Эмнеге?
– Кыздарды сүзүп сала жаздадыңар. Бекеринен Тилектин таякеси эмессиз да, ал да жеткен...
Кыздын сөзүнүн аягын айттырбай Мелис машинанын эшигин ачты.
– Отуруңуз, мадам! Үйүңүзгө жетесиз ылдам.
Жанатан бери эмне кылар экен деп ары жакта турган кыздар Мелис эшик ачканда таңдана карап калышты. Асман да унчукпай отуруп алды. Машина жүрөрү менен үн катты.
– Сүйүнбөгүлө, дароо отуруп алды деп.
– Сүйүнбөй эле түшүндүм. Тилектин сүйлөшкөн кызына көрүнөйүн дедиң да.
– Эмне, токтот дейм машинаны! Мен түшөм, жеткен акылыңар ушул болсо...
Ушинткен кыз ачууланды. Чынында, Камила Тилекке айтып барсын деп отурган оюн билип койгонго чычалап кетти. Акыры «ооба, ошон үчүн түштүм, үйгө жетелекмин, токтот» деди. «Үйдөгү телефондун номерин берсең токтотом, болбосо үйүмө алып кетип калам» деген Мелиске Асман телефонун берип, «кечинде чалбагыла, агам урушат» деп айтканга үлгүрдү. Ошентип, Асман Мелис менен сүйлөшө баштады. Кыздардын оозун тыйып болобу, анан калса Камила мындайды дароо жеткирди Тилекке.
– Асман, мага жеңе болгон жатасыңбы?
– Ооба.
– Абайла, анын шаарда кыздары көп, бирөөсүн тааныйм.
– Ал сенин ишиң эмес, Мелистин бир гана кызы бар, ал да болсо мен, уктуңбу?! И вообще, сен кимсиң, бирөөнүн жеке жашоосуна аралашкандай?
– Өзүң бил, баарын баштаган сенсиң. Баарын баштап, өзүң аягында бүлүндүрөсүң. Кийин өзүңө эле кыйын болуп калат. Эркектерге эмне, көз жаш төкпөйт, сага кыйын.
– Ой-ой, тим койсо атамдай болуп акыл айтып баштайсың.
– Ошол ата тарбиясын аз алгансың да.
Тилектин ушул сөзү кызга катуу тийди, жашка муунуп турган жаны бакырып алды.
– Сенби атанын тарбиясын алган?! Атаңдын машинасын тепсең эле тарбия алып жатам дейсиңби? Атам тирүү жана акыл айтып эле келет. Экинчи мындай сөздү айтпагын!
Кыздын мындай реакциясын күтпөгөн окшойт, жигит эмне кыларын билбей тайсалдап, класстан чыга качты. Бермет Асманды сооротуп кирди.
– Болду эми, ыйлабачы, ал айта берет, кызганып жатат да.
– Кызганбай өлсүн. Көрөт элем, ата-энеси ажырашып кеткен кандай болорун. Ушул эле калды, мага сөз тийгизбеген,- деп кыз токтоно албай ыйлай берди.
Көзү шишип, кабагы чытылып келген кызын көргөн эне чыдабай сурады.
– Эмне болду, кызым? Ким эмне деди сага?
– Эч ким, жөн гана суу көп иче берип көзүм чанагынан чыгып кетейин деп калды.
– Аа, ошондой эле болсун. Экзаменге катуу даярдык көрүп жүрөсүң го.
– Ооба, тестирлөөгө математикадан кошумча сабак алып жатабыз.
Канчалык көөдөндөгү бугун чыгарып сыр бөлүшкүсү келсе да, Асман апасын кыжалат кылгысы келбеди. Айтпай койду бүгүнкү окуяны. Түнү бир оокумга чейин уктабай, эртеңкинин планын түзө баштады. «Эжекеге айтып ордумду алмаштырсамбы? Жок, андан көрө минтейин» деп ойлоп жатып уктап кетти. Өзүнүн бөлмөсүнө телефонду алып кирип алган, түшүндө Мелис менен сүйлөшүүдө, «эмне албайсың телефонду?» деп сураганда көзүн ачса, чын эле телефон чырылдап жатыптыр. Жаздык менен жаап койгонго үнү акырын чырылдады.
– Алло.
– Солнышкоу!
– Да.
– Жанатан бери чалам, уктап калдың беле?
– Саатты карасаң, уже 3. Мен ондо эле жаткам. Сен эмне, үкүсүңбү?
– Ого, биздин тултушка үкүнү билеби?
– Мени Тилек экөөңөр эч нерсеге акылы жетпеген жинди ойлойсуңарбы не?
– Мен качан айттым жинди деп? Сени жинди дебей калайын. Тилек бир нерсе дедиби?
– Эч нерсе деген жок, баарыңар окшошсуңар. Болду, чалып башымды оорутпа,- деген Асман телефонду тарс коюп салды.

(Уландысы кийинки санда)

Жаңыл Калыкова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
aziza
2013-01-28 09:47:36
прикольный сериал окшойт :)
0
angelo4ka_96
2013-01-28 13:26:29
4etkiy seriyal g0..))
0
janka87
2013-01-28 15:27:42
кызыктуу сериал окшойт. дагы бир жума кутуу керек
0
Sherik200992
2013-01-28 16:08:58
Сонун экен!
0
sumaya
2013-01-28 21:26:24
ммммммммммм кутмой дагы башталды..........
0
Arstan
2013-01-28 21:39:04
Жаман коп жазыпсынар го...аран окуп буттум...)))
0
shanushka
2013-01-28 22:52:45
mmda ayabay ele kizktuu gooooo maga abdan jakdi!
0
Rohan_Umar
2013-01-28 23:06:25
Mmm kizik eken e? Kutuw gana kerek 1juma...
0
guli.88.m
2013-01-28 23:27:02
Жаныл Калыкова сизге ийгилик.
0
sanay
2013-01-29 04:20:54
Baarybyzga jakty okshoit,bir jumany kutolu.
+6
zvezda...
2013-01-30 00:50:37
Сонуну гоо сонун экен,бирок ааз жазылганы анан, куткон жаман да ушу(((
0
aizish
2013-01-30 09:37:54
Ушу кыздар эрдемсип жататып бир нерсени булдуробуз......?!
0
№ 534, 25-31-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан