ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (28-январдан 3-февралга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Апта ичинде башкаларга убада берип, жардам кылуу ашыкча түйшүк жаратат. Андыктан убакытыңыздын тардыгын айтып кутулуңуз. Апта ортосунда жакын адамдарыңыз менен пикир келишпестик жаралышы мүмкүн. Сабырдуулук менен абалдан чыгуу керек. Жума күнү баалуу буюмдарыңызды уурдатып жиберүү коркунучу бар.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Алдыдагы ишиңизди пландап албасаңыз, катачылык кетирип, өкүнүп каласыз. Ар бир майда деп эсептеген нерселерди көз жаздымда калтырбай эске алсаңыз гана жыйынтык жакшы бүтөт. Шаршемби күнү көптөн бери чечилбей келген маселеңиздин чечилүүсү күтүлүүдө. Эс алуу күндөрү материалдык чыгымга учурашыңыз мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын иш күндөрү уруш-талаш менен башталып, пикир келишпестиктер көп жаралат. Ушакчылардын, алдамчылардын тузагына чалынып калууңуз мүмкүн. Ишембиде жүрөгүңүздүн ээсин табасыз. Жекшембиде айрымдар эс алуучу жайларга баш бакса, айрымдар узак жолго аттанышат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын биринчи жарымында эң керектүү документтериңизди же акчаңызды жоготуп жиберүүңүз мүмкүн. Сак болуңуз. Ушул эле күндөрү көптөн күткөн кабардан алгылыктуу жооп аласыз. Жума күнү көчөдө этият болуңуз, ден соолугуңузга зыян келтирип алуу коркунучу бар. Дем алыш күндөрү үй тиричиликтен колуңуз бошобойт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жумуш издеп жүргөндөргө ийгилик жылмайса, айрымдар кызматынан көтөрүлүшү ыктымал. Бул үчүн активдүүлүгүңүздү жана чечкиндүүлүгүңүздү көрсөтүүгө жетишиңиз. Апта ортосунда ойлогон оюңуз ордунан чыкпай калчудай туюлушу мүмкүн. Бирок коркпой аракет кылыңыз, жыйынтыгы жемиштүү болот.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада түйшүктүү иштер күтүүдө. Бирок чечкиндүү кадамдарга барып, ишти өз колуңузга алсаңыз, жакшы жыйынтыкка жетесиз. Башкалардын кеңешине кулак салсаңыз, адашып калууңуз мүмкүн. Ишембиде буюм сатып алууга базарга жөнөйсүз. Ал эми аптанын акыркы күнү көңүлдөгүдөй эс алууга убакыт табылат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Дүйшөмбү башкаларга жардам берүү менен башталат. Жардамыңыздын аркасында капчыгыңыз да кампаюусу мүмкүн. Шейшембиде жакын адамыңыздан күтүлгөн белек аласыз. Апта соңунда ичте катып жүргөн сырыңызды эч кимге айтпаңыз. Болбосо ушак чыгып, өзүңүзгө эле зыяны тиет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Күтүүсүз окуя орун алып, анын жыйынтыгы сизге чыгым алып келиши ыктымал. Андыктан шашылыш чечим кабыл алып, кандайдыр бир ишке баруудан мурда жакшылап ойлонуу керек. Бойдоктор издеген адамына иш күндөрүнүн соңунда кезигүүсү күтүлүүдө. Аптанын экинчи жарымында ден соолугуңузга көңүл буруңуз. Таза абага чыгып, спорт менен алектениңиз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Башкалардын маселесин чечип берүүгө аралашпай, жеке жашооңузга убакыт бөлүңүз. Себеби бул аптада жашооңуздун багытын өзгөртө турган жагдайларга туш болосуз. Шейшембиде жагымдуу кабар угасыз. Бейшемби – түйшүктүү күн. Дем алыш күндөрү эңсеген буюмуңузду сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын башы чыгым менен башталышы мүмкүн. Андыктан акчага байланышкан иштерде так жана сак болуңуз. Шейшембиден тарта зарыл иштер чыгат. Жакындарыңызды жардамга чакырбасаңыз, жалгыз жетишпейсиз. Жума күнү түгөйлөр ортосунда түшүнбөстүктөр жаралат. Апта аягындагы окуя жашоого болгон көз карашыңызды өзгөрүүгө түртөт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Айланаңыздагы адамдар менен майда чырдашуулар ишиңизге бут тосушу мүмкүн. Шейшембиде жол жүрүүдө сак болуңуз. Жума күнү бейтааныш адамдардын чөйрөсүнө аралашпаңыз, жалган жалаанын курмандыгы болуп калышыңыз ыктымал. Дем алыш күндөрү ишиңиздин жыйынтыгына кубанасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул апта жумуш издеп жүргөндөр үчүн ийгиликтүү. Ал эми жумушу барлар кесиптештери менен майда нерседен улам чырдашып, мамилени бузуп алуусу ыктымал. Бейшембиде акчалуу болушуңуз күтүлүүдө. Жума күнү жагымсыз иштен оңой кутуласыз. Дем алыш күндөрү үйүңүз конокко толот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 534, 25-31-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан