Өткөн жумада Бишкек шаардык ИИББине Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун 28 жаштагы тургуну Ж.Мнын үйүндө мыйзамсыз түрдө сакталган ок атуучу курал бар экени тууралуу маалымат келип түшкөн. “Урушта туруш жок” демекчи, ошол замат милиция кызматкерлери аталган дарекке барып тинтүү учурунда Ж.Мнын үйүнөн бир топ курал жана октор табылган. Жогорудагы факты боюнча соттук-баллистикалык, соттук-трассологиялык (издерди изилдөөчү бөлүм) экспертиза дайындалып, азыркы тапта кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.