Алдоо жолу менен Чүй облусунун Аламүдүн районунан жер тилкесин саткан айым кармалды. Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылынын 46 жаштагы тургунуна М.Г. аттуу айым алдоо жолу менен Үмүт жаңы конушунан жер тилкесин саткан. Бул тууралуу жабырлануучу милиция кызматкерлерине кайрылган. Жер тилкеге деп 110 миң сом алган ал айым ошондон бери жердин документин бере элек экен. Арыздын негизинде Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 49 жаштагы М.Г. кармалды.