Сиз Атайдын «Күйдүм чок» менен «Эсимдесин», Токтогулдун «Алымканын» уксаңыз керек. Өнөрпоздорду таасирленткен айымдар кимдер болгон? Бул жааттагы кызыктар төмөндө.
АТАЙДЫН АРМАНДУУ МАХАБАТЫ
Күйдүм бир гана күйдүм,
ий, күйдүм чок, ай,
Күйөйүн гана десем түтүн жок.
Жүрөгүмдүн башында, ай,
Аттиң ай, жүгөрүдөй, ий,
бүтүн жок.
Атай Огомбаевдин классикага айланган атактуу «Күйдүм чогун» учурда ырчылар Султан Садыралиев, Каныкей ийине жеткире ырдап жүрүшөт. Ушул ыр саптар Тыныбек кызы Седеп аттуу сулууга арналган экен. Седеп чындыгында эле айылдын боз уландарынын баарын ашык кылган сулуу болгонун тарыхчылар, адабиятчылар сүрөттөп келишет.
Атай 17 жаш курагында досу Мамыттын үйүнө барып, темир комуздун чебери болгон карындашы Седепке көзү түшүп калат. Жалындаган махабатка туш болгон эки жашты Седептин атасы Тыныбектин манаптыгы, Атайдын бакма атасы Султаналынын кедейлиги ажыраткан экен. «Эч нерсеге карабай бактылуу болобуз» деген жаштар тилегине жетпей калышат. Седепти башка адамга узатышат.
Экөө бир топ жылдан кийин жолугат. Бир ирет Атай башка үйдөн угулган темир комуздун үнүн эшитет. Анан «Седеп, кургурум, сен амансыңбы?» деп кыйкырып тура калат, темир комуздун үнүн ээрчип барса, чын эле төрт баланын энеси болгон Седеп көзүн жашка жуугузуп темир комуз кагып отурган экен.
Атай Огомбаевдин жеке тагдырына кайрылсак, ал үч ирет үйлөнүптүр.
ТОКТОГУЛДУН АЛЫМКАНЫ
Атка салган дилдейсиң,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң.
Бир күн оору, бир күн соо,
Алымкан, азабың тартсам билбейсиң.
«Бир күн оору, бир күн соо, Алымкан болбочу» деген сөздү көп эле колдонот эмеспизби. Токтогул ырчынын чоң сүйүүсү Алымкан аттуу кыздан улам ушул сөз эл оозунда калган. Бирок изилдөөчүлөр Алымкан тууралуу эки башка пикирди айтып келишет.
Бири Аксыдан чыккан Алымкан Токтогул ырчыга сүргүнгө айдала элек кезинде кездешкен дешет. Акын Ниязалыга шакирт катары барган учурда Аксынын бийинин кызы Алымканды кыз оюнунан көрүп сүйүп калганы айтылат. Бирок «тентиген ырчыга кыз бербейм» деген ата дымагы менен сүйүшкөндөр айрылышкан.
Ал эми айрымдар Токтогул ырчы сүргүндөн качып келе жатканда Кашкардан жолуккан Алымкан аттуу кыргыз кызды сүйгөн деп айтышат. «Өзүм качкын болуп жүрүп, дагы бир жандын убалына калбайын» деп аргасыз ажырашкан дегенди колдонгондор бул ыр саптарын далил катары кармашат:
Кашкардын тоосу кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш.
Кайрылып мага келе кет,
Алымкан, карыпка салбай
кыйын иш!
Кандай болсо да Токтогул Сатылгановдун жашоосунда Алымкан аттуу аялзаты болгону анык.
БАКТЫСЫНА ЖЕТИП, БАЛАСЫЗ КАЛГАН ЖЕҢИЖОК
Көлгө түшкөн өрдөктөй,
Көздөтөсүң, Көксулуу.
Көз жашымды көбөйтүп,
Көлдөтөсүң, Көксулуу.
Көңүлдүн назик ышкы отун,
Козготосуң, Көксулуу.
Жеңижок акындын «Көксулуу» дастаны да кызыктуу баянга ээ. Авлетим тоосун этектей отурукташкан элден Көксулуу аттуу жанды көрүп, Жеңижок ырчы ашык болуп калат. Бирок ал эбак эле башы байланып калган, кудалашып койгон жери бар кыз болот. Ошол элдин бийи Сулайманкул деген датка Жеңижоктун таякеси болуп чыгат. Көксулууну аялдыкка алып кетишкенден кийин Жеңижок даткага барат. Алты күн тынбай ушул «Көксулуу» дастанын айткан Жеңижоктун ашыктыгынын күчүнө таң берип, Сулайманкул датка жети күнгө жеткирбей күч менен кайра Көксулууну алып келдирет. Жеңижокко алып берип, нике тоюн да өткөрүп берет.
Кайненеси «согончогуң канабай, баланын үнүн укпай, башканын сөзү жукпай, өмүрүң жолдо калсын, өлүгүң коодо калсын. Дубанаң экөөңөр элиңе батпагыла, элге батсаңар, ак өргөөңөргө эки күн жатпагыла. Карыган кезде арманга батып сыздагыла, балам жок деп зар какшап ырдагыла» деп каргаган дешет. Жеңижок үй байырлап байлык топтобой, аялына ат токуп берип, ар дайым өзү менен ала жүрүп, эл кыдырып өмүрү өткөн экен. Каргышка калган Көксулуу төрөбөптүр. Бирок ашыгынын жанында кош торгойдой сайрап, үзөңгү кагыштыра жүрүп бул өмүрдөн өтүшүптүр.
ААЛЫНЫН АШЫГЫ МУНАР ТУУРАЛУУ
Сүт эмген бала жыттанган,
Илебиңди сагындым.
Мойнумду сылап артылган,
Билегиңди сагындым.
Талпынсам таппайм айласын,
Талаада калган өңдөнөм...
Аалы Токомбаевдин сөзүнө жазылган, Асанкалый Керимбаевдин обонунан жаралган бул ыр кыргыздын мыкты классикалык ырларына айланган. Аалыкенин жубайы Зейнеп (эркелетип Мунар дешчү) каза болуп калгандан кийин аны сагынуудан келип чыккан. Зейнеп казак элинин кызы болгон. Ал Ташкентке окууга келет. Зейнеп менен Аалы Токомбаев ошол жерден таанышат. Эки жүрөк бир согуп жүргөн учурда Зейнептин ага-туугандары «Мунарыбызды кыргызга бербейбиз, ал казактын мыкты жигитинин мыктысына бара турган кыз» деп макул болбой коюшат. Аалыкени арманга салгысы келбеген Зейнеп сүйгөнү менен кыргыз жерине баса берет. Анан Аалыке кайындарынын алдына өзү түшөт. Кайненесин Чоң Кеминге алып келет. Кыргыз жергесине суктанган Нурсулуу апа ошондо айткан тура «эли да, жери да улук экен. Кызымды улуулукка алып кеткен турбайбы» деп.
Айтмакчы, Зейнеп Кыргызстандагы машина айдаган айымдардын алгачкыларынан болгон. Аалыке аялына Жигули үлгүсүндөгү темир тулпар белек кылып, айдоого уруксат бергенин айтып калышат.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg