Тахир Чуруков, шайык: «МҮРЗӨНҮН АРАСЫНДА ЖАШОО МАГА БЕЙПИЛДИК БЕРЕТ»

Каракол шаарынын четинде жайгашкан мүрзөнүн арасындагы жалгыз тамды көрүп таң калдык. Кызыгыбыз артып, мүрзөдө күн кечирип келген Тахир Чуруковго жолуктук. Каарманыбыздын бейит арасында жашаганына 16 жыл болуптур. Үй-бүлөсү, 3 баласы, 2 небереси менен ушул жерде күн кечирип келет.

– Жашаганга ушул жерди тандап алганыңызга караганда эч нерседен коркпойт окшойсуз...
– Бул жерди турактай электе түшүмдө көп аяндар берилген. Бир жолу түшүмдө каза болуп калыптырмын. Кадимкидей сөөгүмдү көрүп, «мен тирүүмүн» десем эч ким укпайт. Мечитке алып келип жаназа окуп, ушул мүрзөгө коюшту. Жадакалса бул мүрзөнүн кайсы жерине экендигине чейин билем. Эртеси «менин жашоом түгөнгөн турбайбы» деп ажалды күттүм. Бир жума убакыт өткөндө дагы түш көрдүм. Кимдир бирөө «сенин ордуңа башка кишини алып кетишти, өмүрүң узун болот, бирок ушул мүрзөгө кызмат кыласың» деди. Анда «мүрзөгө кызмат кыласың деген эмнеси?..» деп ийин куушуруп койгом. Ошондон туура бир жыл өткөндөн кийин бул жерде жашап калдым. Бүгүнкү күндө мусулмандар жашаган ар бир аймакта пендени жерге берүү үчүн атайын шайык шайланат. 1997-жылы мен да Каракол шаарына шайык болуп шайлангам.
Ажал кимге качан келери белгисиз, кээ бири түндө, башкасы таң заарда өмүр менен коштошот. Анан сөөктү жерге берүүдө бизди издеп калбасын деп мүрзөдө жашап келебиз. Ушул жерде балдарыбыз чоңоюп, келин алып, неберелүү болдук. Шаарда деле үйүбүз бар. Бирок шаар ичи ызы-чуу, кээде жакшы уктап, эс ала да албайсың. Ал эми бул жерде эки саат уктап алсаң, абдан сергип, жакшы эс алып каласың. Себеби мүрзөнүн ичине жин, шайтан кире албайт. Мында жашоо коркунучтуу эмес, тескерисинче, тынч.

– Башында көнө албай кыйналсаңыз керек...
– Мурда өлгөн кишилерден абдан коркчумун. Келе жаткан жолумда боз үй тигилип турса, аны айланып башка жол менен өтчүмүн. Кийин шайык болуп шайланганда «эми кантем?» деп бушайман болуп жүрдүм. Бир жагынан жубайым да «кантип мүрзөдө жашайбыз? Ал жак коркунучтуу» деп каршы чыккан. «Эмнеден коркосуң, өлгөндөн коркпой, тирүүдөн корк» деп ага баатырсынганым менен, ичимден мен да жүрөксүгөм. Аялым айтканыма көнбөй, «ал жакка барбайм» деп туруп алды. Ары ойлонуп, бери ойлонуп келинчегимди, эки баламды шаардагы үйгө таштап, өзүм мүрзөдөгү үйгө көчүп кеттим. Анан аялым балдарымды алып, айласыздан артымдан келген.
Мүрзөгө көчүп келгениме үч күн болгондо каза болгон бир кишини жерге берүү үчүн алып келишти. Жүрөгүм бир башкача согуп, өлгөн кишиден коркуп жаттым. Анан «сөөктү мындай койгула» деп бетин ачып, кыш тиздим. Сыртка чыгып, бул ишти жасаганыма таң калдым.

– Жин тийгендерди да айыктырат экенсиз, кара дуба окуган күндөрүңүз болду беле?
– Кара дуба окуганды билем, бирок эч убакта окуган эмесмин. Ар түрдүү себептерди айтып кайрылышат. Мага миллион сом берем десе да кара дуба окубайм, себеби анын сурагы өтө күчтүү.

– Бул жакта өзгөчө сырлар бар болсо керек...
– Мүрзө сырларга бай болот. Бир жолу көр казып жатабыз. Тереңдегенде башка бир эски көрдүн казанагы ачылып калды. Көрсө, ал жерге мурун улгайган аялзаты көмүлүптүр. Кепини аппак боюнча, кадимки уктап жаткан эле адам. Ал бери дегенде 60 жыл илгери көмүлгөн. Бул абдан таң каларлык көрүнүш болду. Себеби бир жолу соттук териштирүү болуп, киши жерге коюлгандан 45 күн өткөндө кайрадан көрүн ачканыбызда кепини айрылып, сөөк сынып баштаган эле. Бул бир өзгөчө сыр окшойт.
Күнөөсү абдан көп адамдарды жер кабыл албайт деп коёт. Бизде да мындай учур болгон. Бир жолу көр казып, бирок кандайдыр бир күч таасир эткенсип көргө маркумду такыр киргизе албай убара тартканбыз. Мындай жагдайды бир сөз менен түшүндүрүү кыйын.

– Жай казуу үчүн акы аласыздарбы?
– Азыркы учурда адамдарды жерге берүү үчүн атайын төрт кишиден турган жамаат иштейт. Кабар келсе, ошол замат көр казылып башталат. Жер бекер, сөөк коюу зыйнатын жүргүзүп, жай казганыбызга 2500 сом алабыз.

– Мүрзө арасында жашап, өлүмдү дайыма эстеп турасызбы?
– Чынында эле бул жерде күнүгө ажалды эстеп, жүрөгүң жумшак болуп калат. Кичинекей бала көрсөм, ичим эзилип жакшы көрүп, анын өмүрүн, ыйманын, бактысын тилейм. Айрыкча жаштардын өлүмүн көргөндө эки-үч жумача эсимден чыкпай кыйналам.

Айзат Анарбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
simple_boy
2013-01-29 01:21:38
оо азамат экен жакшы Аллахты эстеп турса дайым
+3
aizish
2013-01-29 04:28:08
Жаман иштерди коп кылгандарды шайык шайлап тарбиялоо керек окшойт анда достор!?
+1
altinim
2013-01-29 12:09:47
чон аталар айтышатко мечитте эмес, мурзодо туногон тынч деп
0
one-ulutman
2013-01-30 04:20:16
altinim, Балким сенин чон атан туура айткан
0
altinim
2013-01-30 14:41:26
one-ulutman, чон атам дегеним жок
0
gulzarali
2013-02-01 01:36:10
Алла ыраазы болсун сизге! Мен кор азабынан аябай корком,ушунчалык катуу корком.(((((
0
Asiyo
2013-02-01 13:14:28
Ар бир инсан кунуно 7 жолу олумду эстеп турушу керек.
0
menedjer
2013-02-02 11:18:51
Жарык дуйного келген сон олум даамын да татабыз андан эчким качып кутула албайт.Иншааллах сулуу олум насип этсин Аллах кечируучу куноолорубузду озу кечирсин кабыр азабынан да озу сактасын
0
best-life
2013-02-02 22:53:04
Менин да укканым бар кабырдын ичинде бейпилдик жана кандайдыр бир башкача тынчтык окум сурот деп...
0
№ 534, 25-31-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан