Дүйнөдө түркүн кесиптер бар. Алардын ичинде биз анча биле бербеген, жагымсыз жумуштарды кесип кылып келаткандар кезигет.
ҮЙ ЖАНЫБАРЛАРЫНЫН ТАМАГЫН ТЕСТИРЛӨӨЧҮ
Үй жаныбарлары үчүн азыктарды чыгарган компаниялар дүйнөдө көп. Алгач пайдалуу делген азыктар ойлонуп табылып, курамы бекитилип, жаныбардын организмге тийгизер пайдасы жана башкасы аныкталат. Анан азык сынактан өтүш үчүн даярдалат. Мына ушул кезде аны тестирлөөдөн өткөрүүчү адис керектелет. Ал адис азыкты (итке же мышыкка арналган) жеп көрүп, даамын баалайт. Тестирлөөчү адис азыктар сатыкка чыгарда да кайрадан даамын көрөт. Үй жаныбарларынын тамагын жеш, албетте, жагымсыз.
КАНАЛИЗАЦИЯ ТАЗАЛООЧУ
Ири шаарларда канализацияны тазалоочу атайын адамдардын тобу бар. Алар түтүктөрдө кандайдыр бир себептерден улам тыгынды пайда кылган таштандыларды тазалашат. Кээ бир өлкөлөрдө бул ишти атайын кийим кийип, жабдыктардын жардамы менен аткарышат. Ал эми айрым өлкөлөрдө бул жумушту колу менен ишке ашырышат. Мисалы, Индияда. Алар дааратканадан чыккан ыплас, сасык сууну кечип, тыгын жараткан таштандыларды чакага салып сыртка чыгарышат. Бул кызматы үчүн күнүнө 3,50 доллар жана бир бөтөлкө спирт ичимдигин алышат. Мындай ишти аркалап келгендердин айрымдары ууланып, каза тапкан учурлары да аз эмес.
КОЛТУК ЖЫТТООЧУ
Бул кесиптин ээлери көбүнчө дезодорант чыгарылуучу компанияларда кызмат өтөшөт. Алар дезодоранттын эффективдүүлүгүн, канча убакытка чейин терди жана жытты чыгарбай кармап тура аларын текшеришет. Бул максатта ар бир саат сайын аны сыйпанган адамдын колтугун жыттап турушат.
ЖАНЫБАРЛАРДЫН УРУГУН АНАЛИЗДӨӨЧҮ ЛАБОРАНТ
Ветеринардык лабораторияларда илимий максаттарда же жасалма уруктандыруу үчүн айрым жаныбарлардын (көбүнчө малдын) уругу алынат. Ал ишти аткаруу урукту анализдөөчү лаборанттын моюнуна жүктөлөт. Анын түздөн-түз милдети болуп малды дүүлүктүрүп, бел суусун (спермасын) алуу эсептелет. Ал үчүн айрым лабораторияларда атайын приборлор бар. Приборлор жок жерде эркек малдын жыныс мүчөсүн колу менен укалап дүүлүктүрүп, уругун алышат.
ИЧТЕН ЧЫККАН ЖЕЛДИ ИЗИЛДӨӨЧҮ
Илим эмнени гана талап кылбайт. Америкалык профессор, гастроэнтеролог Майкл Левитт Эту адамдын ичинен чыккан желдин жытына изилдөө жүргүзгөн. Ал үчүн жүздөн ашуун адамдын ичеги-карынынан чыккан газды чогулткан. Анан аларды анализдеп, жыйынтыгында суутектин сульфаты канчалык көп болсо, ичтен чыккан жел ошончолук жагымсыз болорун аныктаган.
Мындан тышкары жагымсыз, бирок керектүү кесиптерге патологоанатом, таштанды чогултуучу, ажаткана тазалоочу, идиш жуугуч жана башкалар кирет.
Салтанат Мукасова
koom@super.kg