ДАРЫ-ДАРМЕККЕ САЛЫК САЛЫНДЫ. КИМГЕ ПАЙДА, КИМГЕ ЗЫЯН?

2013-жылдын 1-январынан тарта өкмөттүн токтомуна ылайык, сырттан алынып келинчү дары-дармектерге салык салына баштады. Буга нааразычылык билдирип, «бул элдин чөнтөгүнө эле зыян келтирет, мамлекеттик казынаны оорулуулардын эсебинен толтуруу туура эмес» дегендер чыкты. Өкмөт болсо башкача түшүндүрүүдө. Кимисиники туура?

ӨКМӨТ ТОКУГАН ТОКТОМ, ИШКЕРЛЕРДИН АРМАНЫ...
Жаңырган жылдан баштап күчүнө кирген токтомго ылайык, чет өлкөдөн ташылып келинген медициналык каражаттардан 12 пайыздык кошумча нарк салыгы алынууда. Мындай чечим өлкөбүздөгү медициналык каражаттарды ташып келүү менен алектенген ишкерлердин нааразычылыгын жаратты.
Алар «салыктын терс таасири өлкөдөгү медициналык каражаттардын сапатына, баасына, медициналык мекемелердин ишине тийиши мүмкүн. Бул аткезчилик жол менен (контрабанда) келген товарлардын көбөйүшүнө алып келет. Кошумча нарк салыгы баанын кымбатташына түртүп, элдин капчыгына оорчулугун тийгизет» дешүүдө. Ишкерлер салыкты жоюу өтүнүчү менен өлкөнүн эң жогорку органдарына кайрылышты.

«ЭМИ КӨМҮСКӨ РЫНОК ГҮЛДӨП, САПАТСЫЗ ДАРЫЛАР КӨБӨЙӨТ»
Жаңы салык тууралуу Дары-дармек жана медициналык жабдыктар менен камсыздоо департаментинин директорунун орун басары Руслан
Акматовго
кайрылдык.
– Медициналык каражаттарга киргизилген салыктын таасири кандай болуп жатат?
– Салыктын киргизилиши азыртадан эле өз таасирин тийгизе баштады. Медициналык каражаттарды сатып алууга тендер өткөрүп, анда жеңип чыккан фирма менен келишим түзгөн медициналык мекемелер ортосунда суроо жаралууда. Себеби фирмалар мурда келишимде көрсөтүлгөн баа менен товарды сатпайбыз деп жатышат. Анткени бажыдан салыкты көбүрөөк төлөп өткөрүштү да.
Ал эми медициналык мекемелер товарды келишимдин негизинде гана алышат эмеспи. Эми тендерди кайра өткөрүү керек болот. Бул убакытты талап кылат. Мындан улам дары-дармек, жабдыктардын тартыштыгы пайда болуп, ортодо ооруканага кайрылган оорулуу адамдарга эле зыяны тийип жатат. Ооруп жаткан адам убакытты күтпөйт, дарылануусу керек.

– Келечекте дагы кандай өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн?
– Азырынча так айтуу кыйын. Бирок божомолдоп айта турган болсок, бул тармактагы соода жүгүртүү 2012-жылы 7 миллиард сомдон ашса, бул көрсөткүч артка кетиши мүмкүн. Анткени салыктан качып, аткезчилик жолу менен ташылып келинген, сапатсыз дары-дармектердин саны көбөйүп, көмүскө рынок гүлдөйт. Дарыканадагы баалар 20 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн.

– Бааны кымбаттатпай кармап калуунун жолу барбы?
– Салык жок кезинде алып келгендер дарыларды ошол баада сатышууда. Бирок салык төлөп алып келгендер жаңы баа менен кымбатыраак сатары бышык. Бизге да коомчулуктан нааразычылык билдирип телефон чалгандар болууда. Кечээ эле бир пенсионер чалып «мурда алып жүргөн дарыны бүгүн 22 сомго кымбат алдым» деп ыйлап айтып жатат. Анын сөздөрүнөн соң боорум ооруп кетти. 22 сом чөнтөгү калыңдарга аз акча, ал эми калктын жакыр катмары менен пенсионерлерге бул сумма оор болуп калат.

«САЛЫКТЫ КӨБӨЙТКӨН МАМЛЕКЕТ, ЭМИ ЖАБДЫКТАРДЫ ӨЗҮ КЫМБАТ САТЫП АЛАТ»
Салыктын киргизилиши боюнча маалымат жыйын өткөрүлүп, анда сөз сүйлөгөндөрдүн бири «Неман-Фарм» ЖЧКсынын өкүлү Урмат Жумашев: «Салыктын киргизилиши менен мамлекеттик казынаны толтуруу оң жыйынтык бербейт. Тескерисинче, медициналык жабдыктардын кымбатташын шарттайт. Медициналык жабдыктардын негизги сатып алуучусу мамлекеттик мекемелер болгондуктан, мамлекетке эми өзү кымбат баада сатып алууга туура келет»,- дейт.

ӨКМӨТ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Өкмөт эмне дейт болду экен деп коомчулук кулак түрүп турганда, «жашоого эң керектүү дары-дармектердин кымбатташына жол берилбейт» деп биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев үн салды. Өкмөттүн мындай чечимин Кыргызстандагы медициналык каражаттарды сатуу менен алектенгендер бааны өз билгениндей калчап, оңбогондой көп пайда таап жатышкандыгына байланыштырган Жоомарт Оторбаев: «Фармацевттик компаниялардын кирешеси 120 пайыздан 200 пайызга чейин жетип, жакшы эле каражат табышат. Бул абдан көп, мисалы, аспириндин 1 кутусунун баасы 3 сомду түзөт, биздин рыноктогу дүң баасы 3,8 сом, дарыканалардагы чекене баа 5 сом. Дарылардын баасын анализдешибиз керек жана алардын баасын монополияга каршы тескөө жүргүзүү зарыл. Өкмөт дарылардын баасынын өсүшүнө жол бербейт, тескерисинче, бааны түшүрүүгө аракеттенет»,- деп билдирди.
Саламаттыкты сактоо министрлиги өкмөткө салыктан бошотуу тууралуу 298 позициядан турган, жашоо үчүн маанилүү дарылардын тизмесин жолдогон. Тизмени Экономика министрлиги карап, анда халаттар, кол каптар, даарат кагазы, бойго бүтүрбөөчү каражаттар сыяктуулар дагы киргизилип калгандыгын белгилеп, тизменин саны кыскартылып 180 позициядагы дары-дармек (180 позиция деген 180 дарынын аталышы эмес, бир типтеги топко кирген медициналык дары-дармектер) салыктан бошотулду.

САЛЫК КОШУЛГАН ДАРЫЛАР КЫМБАТТАЙТ
Медициналык каражаттарды ташып келүүдө 1997-жылдан 2003-жылга чейин салык алынып турган убакта көрсөткүч
485 миллион сомду түзгөн. Ал эми 2003-жылы салыктан бошотулгандан кийин жылдык өсүш 45 пайыздын тегерегин түзүп, 2012-жылдын жыйынтыгында бул көрсөткүч 7,5 миллиард сомго жеткен.
Кыргызстанда колдонулуп жаткан дары-дармектин 97 пайызы чет өлкөдөн келет. Өлкө казынасынын тартыштыгын толтуруу үчүн жасалып жаткан өкмөттүн бул кадамы кандай натыйжа берери азырынча белгисиз. Учурда дарыканалар пенсионерлер үчүн 5 пайыздык жеңилдетүүлөрдү алып салышса, кээ бир дарыканалар салык кошулду деп бааларды 10 пайызга көтөрө баштагандары бар экен.
Ушундай дарыканалардын биринде провизор (жогорку квалификациялуу дарыкана кызматкери) болуп эмгектенген Бейшекан Орозалиева: «Ансыз деле дарылардын баасы кымбат. Салык киргизилсе, пенсионерлерге кыйын болуп калат. Тизмеге аз эле дары кошулат экен. Ал эми тизмеге кирбей калган миңдеген кымбат дарылар бар. Учурда салыгы жок кезде алынган дарыларды мурунку баада сатып жатабыз. Жаңы товарлар келсе, анда кымбаттайт. Мисалы, 1000 сомдук дары болсо, анын 12 пайыздык салыгы кошулуп 1120 сомду түзүп калат»,- дейт.

Салыкты салууга токтомду токуган өкмөт медициналык каражаттардын кымбатташына жол бербейбиз деп ишендирди. Баа саясатына келгенде өкмөттүн сөзү суу кечпей, убадалары аткарылбай калчу эле.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
ДАРЫ-ДАРМЕКТИН КЫМБАТТАШЫ КАПЧЫГЫҢЫЗГА ЗЫЯН КЕЛТИРИП ЖАТАБЫ?

Турсунай Жусупова, Талас облусу:
– Дары-дармектердин кымбатташы колунда жок үй-бүлөлөргө кыйын болот. Ал эми колунда барлар өз ден соолугу үчүн дарыларды ала беришет да. Бирок дарылардын баасы көкөлөбөй, элдин жашоо деңгээлине ылайык эле сатылса болмок.

Сонунбү Орозбекова, Ош облусу:
– Албетте, акча жагынан көйгөй туулат. Болгондо да эң керектүү болгон дарылар кымбаттайт деп жатышат. Негизи, дарыны пенсионерлер көп алат эмеспи. Пенсия аз болсо, дары кымбаттаса, анда пенсионерлерибиздин акчасы эч нерсеге жетпей кыйналышат го.

Жакшылык Нособаев, Ысык-Көл облусу:
– Бүгүн эле жубайымдын көзү ооруп жатканынан дарыгерге барсак, беш-алты дары жазып берди. Баары 1000 сомдон ашып кетти. Акчабыз жок, жарымын гана алдык. Дарыгерлер да бейтапка дары жазып туруп, «тигил дарыканадан ал, башка жактан алба» дешет. Анткени өз ара сүйлөшүп алышат.

Айна Мурзалиева, Чүй облусу:
– Азыр кыш мезгили, суук тийүү жана башка жугуштуу оорулар көп. Жаз алды менен мындан да көбөйөт. Алар менен кимдер ооруйт? Ошол эле карапайым калк, социалдык жактан жакыр катмар сыркоолойт. Андай үй-бүлөлөрдүн капчыгы кымбат дары алууга туруштук бере албайт.

Гүлзина Абдраимова, Нарын облусу:
– Азык-түлүк кымбат болгону аз келгенсип, дарылар кымбаттады. 3 балам бар. 5 жаштагы кызым каттоодо турат. Ага кымбат дары-дармектерди үзгүлтүксүз бериш керек. Ай сайын дары сатып алып турам. Ал эми калган экөө сыркоолоп калса, чач-кирпик чак келбей кетет экен.

Базаргүл Искенажиева, Жалал-Абад облусу:
– Бронхитим бар болгону үчүн дарыга көп акча коротом. Азыр дарылардын баасы өсүп, кейитүүдө. Мурда Доктор Мом дарысын 65 сомго алсам, азыр баасы 100 сом. Мындан сырткары кээде сакайып кетсем мейли деп, кымбат баадагы дарыны алам. Же анын таасири жок.

Исмайыл Султанмуратов, Баткен облусу:
– Жашоо үчүн керектелген дары-дармектер кымбаттабайт дешти. Бирок ошол дарылар да биздин тапкан каражатыбызды эске алганда, кымбат. Буга чейин кудуретибиз жетчү эмес, эми такыр эле албасак керек.

koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Дары-дармекке салык салынды. Кимге пайда, кимге зыян?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nur_meerim
2013-01-29 15:43:40
Бийликтегилерге баары бир! Отуруп алып кантип, кайсы жол м.н жеп-жутсам деп турат. Ар кайсы жактан акча ондуруунун ордуна, элдин турмушун онолтууну ойлонушса жакшы болмок!
0
№ 534, 25-31-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан