ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргыз парламентинин 2012-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Анда УМККнын СИЗОсунда отурган «Ата Журт» фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов кадимкидей айлык алып жаткандыгы белгилүү болду. Аталган депутаттар өз каалоосу менен камакта отурбаганын айткан төрага «аларды депутаттык макамынан эч ким ажыратып койгон жок, эгерде алар абакта болбогондо, иштей беришмек» деди.
Ошондой эле Жогорку Кеңеш бюджетти сарамжалдуу пайдаланып жатканын, чыгашалар үчүн бөлүнгөн 959 миллион сомдун 770 миллиону гана коротулганын айтты. Төраганын фонду 40 миллиондон 27 миллион сомго азайганын жана парламенттин аппаратында иштеген 142 кызматкер кыскарганын билдирди.
2012-жылы ЖКда 35 депутаттык комиссия түзүлүп, алардын 24ү өз ишин жыйынтыктоого жетишкен. «Жалпысынан былтыр 82 жыйын өтүп, 221 мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдардын жарымынан көбү өкмөт тарабынан демилгеленген»,- деди Жээнбеков.