Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо үчүн 22-январда Тажикстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Махмуджан Сабиров баш болгон делегация Бишкекке келди. Эки тараптан келген комиссия атайын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул сүйлөшүүдө мурда кол коюлган 40 чакырым чек ара тилкеси тууралуу келишим бекитилет.
Өкмөт аппаратынын өкүлү Курбанбай Искандаровдун айтымында, кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Алардын 567 чакырымы жумушчу топ тарабынан иликтенүүдө. «Кызыкчылыктар, көз караштар туура келгенде чек ара, делимитация маселелери бат эле чечилет. Тажикстан менен учурда көз карашыбыз туура келген жерлерде чек ара маселеси чечилүүдө, эки тарап тең бул маселенин эрте чечилүүсүн каалайт»,- деди Искандаров.
Ал эми Баткен облусундагы Сох анклавын айланып өтүүчү жолдун курулуш иштери уланып жатат. Бул жол 5-январдагы чек ара жаңжалынан улам район борбору менен байланышсыз калган Бөжөй айылы үчүн салынууда. ӨКМ билдиргендей, учурда облустагы Кыштут айылында Бел-Сөгөт – Бөжөй унаа жолун кеңейтүү иштери жүрүүдө. Жалпы узундугу 21 чакырым болгон бул айланма жолдун 14 чакырымын тегиздөө иштери аяктап калгандыгы кабарланды.