2013-жылдын 21-январында президент Алмазбек Атамбаев «2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Адвокат ИКРАМИДИН АЙТКУЛОВДУ жактоочулук укугунан ажыратуу боюнча маселе каралып, Адилет министрлигинин алдында түзүлгөн комиссия эскертүү берүү менен гана чектелди.
2013-жылдын июль айынан баштап Социалдык фонддо иштеген кызматкерлердин маянасы 20 ПАЙЫЗГА жогорулайт. Бул тууралуу фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.
2008-жылы түзүлгөн ИИМдин алдындагы Коомдук кеңеш өз ишмердүүлүгүн токтотту. Тиешелүү буйрукка Ички иштер министри ШАМИЛЬ АТАХАНОВ кол койду.
Жогорку Кеңештин онлайн кабылдамасы ачылды. Эми каалоочулар депутаттар менен карапайым калктын ортосуна көпүрө болгон WWW.TEREZE.KGсайты аркылуу эл өкүлдөрүнө кайрылып, каалаган суроолоруна жооп ала алышат.
Бишкек шаарында БАШКЫ ПРОКУРАТУРАНЫН жаңы имараты ачылды. Жаңы имарат шаардын Токтоналиев көчөсү -139 дарегинде жайгашкан. Бул имарат мурун А.Акаевге тиешелүү китепкана болгон.
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2012-жылы ар кандай топтор, өкмөттүк эмес уюмдар, саясий партиялар тарабынан 726 МИТИНГ өткөрүлгөн.
Кытайда 20 кыргызстандык жаран жаза мөөнөтүн өтөөдө, бирөөсү өлүм жазасына буюрулган.
22-январда Ош облусунун Алай районунда күчү 3,5-4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
«Республикалык жана башка кагылышуулардын катышуучулар уюму» БАТКЕН ОКУЯСЫНДА каза болгондордун урматына өлкөнүн ар аймагында эстеликтерди тургузууну сунуштады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.