23-январь күнү өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев түрк кредитинин эсебинен сатылып алынган айыл чарба техникасын фермерлерге лизингге өткөрүп берди. Лизинг – кийинчерээк сатып алуу укугу менен менчикти узак мөөнөткө ижарага алуу.
«Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында быйыл фермерлерге 1000ден ашуун айыл чарба техникасы лизингге берилет»,- деп сөз баштаган премьер 80 трактор жана 5 комбайндан турган биринчи партияны өз ээлерине тапшырды. Ошондой эле Кытайдын мамлекеттик Өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча 36 трактор лизинг схемасы менен берилди.
Былтыркы жылы ушул эле схема менен 348 айыл чарба техникасы тапшырылган.