Тайырбек Сарпашев, КРнын Вице-премьер-министри:«ДЫЙКАНДАР МЕНЕН МАЛЧЫЛАРГА ӨКМӨТТӨН КРЕДИТ БЕРИЛЕТ»

Акыркы жылдар ичинде дыйкандар менен малчыларга насыя берүү туруктуу көрүнүшкө айланып барууда. Быйылкы жылы берилүүчү насыянын жагдайы жана шарттары боюнча Тайырбек мырза кыска маек курду.

– Насыяны 7 пайыз менен берүү тажрыйбасы кандай кемчиликтерди ачыкка чыгарды? Быйыл бул тармакта кандайдыр бир өзгөрүү болобу?
– Айыл чарбага насыя берүүгө өткөн жылдын сентябрь айынан тартып эле даярдана баштаганбыз. Быйыл каржы ресурсу боюнча өзгөрүүлөр бар. Өкмөт былтыркы жылы 4 пайыздык кредитке 1 миллиард сом бөлүп, өз мөөнөтүндө берилбей же каражат убагында табылбай калып, белгиленген сумма толугу менен таратылбай калган. Мындай тобокелчиликтерди эске алуу менен быйыл банктар менен иштешүүнү эп көрдүк. Анын үстүнө муктаждыктын өзү
1 миллиард сомдон алда канча жогору.
Бул жылы жеңилдетилген насыянын жалпы көлөмү 4,5 миллиард сом. Өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 эсеге жогорулоо болору күтүлүүдө. Баш-аягы 22 банкты чакырганбыз, алардын ичинен терилип отуруп бешөө калды. Алар 20 пайыз менен беришет, бирок анын 10 пайызын мамлекет, калган 10 пайыздык үстөгүн дыйкандар төлөйт.

– Эгерде банктар айыл чарбага эмес, жашыруун түрдө башка тармактын өкүлдөрүнө насыяны карматчу болсо, кандай чара көрүлөт?
– Өкмөт жана 5 банк ортосундагы меморандумга кол коюлду. Ага ылайык, банктардын ишин Улуттук банк текшерип турат. Айтылгандай, алар кредитти белгиленген багыт менен бербесе, анда жаза иретинде 35 пайыздык үстөк менен төлөөгө аргасыз болот.
Мындай жоруктарга жол бербөө үчүн калкка алардын укугу жөнүндө маалымат таратабыз. Райондук деңгээлде комиссиялар ачылып, андагы кызматкерлер бизнес-пландан өйдө кеп-кеңешин айтып турушат. Эмки аптада жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн чакырганы жатабыз. Аларга да түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

– Мурункудай райондор арасында «ал көп алды, бизге аз берилди» деген көрүнүш кайталанбайбы?
– Меморандумда ушул жагдайды эске алдык. Андыктан быйыл калк саны, мал башынын саны же эгин айдалуучу аянттын көлөмүнө жараша ар бир районго белгиленген каражат бөлүнөт. Алсак, Нарын облусуна орточо 300 миллион сом, ал эми Ысык-Көл дубанына 400 миллион сом каралат.

– Биринчи жолу насыя алгандарга кандайдыр бир жеңилдик барбы?
– Кредиттин жалпы көлөмүнүн 35 пайызы, демек, ар бир үчүнчү киши алгачкы ирет насыя алып жатканга басым жасалат. Банктар дал ошолорго чоң маани берүү менен мамиле кылышмакчы. Күрөөсүз 50 миң сомго чейин насыя берүү программасы быйыл да улантылат.

– Дыйкандар насыянын мөөнөтүн узартууну сунуштап келишет. Бул маселе чечилдиби?
– 1 жана 2 жылга берилет. Февраль айынан баштап насыя берүү пландалууда. Буюрса, өкмөт эмдиги жылы кредиттин көлөмүн көбөйтүү менен берүүнү улантуу ниети бар. Эгерде эффективдүүлүк жакшы байкалса, анда кайра иштетүүчү өнөр жайга да насыя берилет.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mirbekkg
2013-01-30 23:50:32
Бул иштер жакшы башталды, жыйынтыгын кузундо айтабыз.
0
№ 534, 25-31-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан