«22-январь күнү колумбиялык ырчы Шакира уулдуу болуп, бала жытына мас болуп турган чагы» деп жазылат ырчынын жеке сайтында. Ымыркай Барселона шаарында 2
килограмм 900 грамм салмакта жарыкка келгени, ага Милан деген ысым ыйгарылганы жана наристе дароо эле атасы ойногон «Барселона» футболдук клубунун мүчөсү катары катталгандыгы жарыяланган.
Учурда Пике менен Шакира ар тараптан куттуктоо баракчаларын кабыл алып жатышкан кездери. Алар менен катар Колумбиянын президенти Хуан Мануэль да эки атактууну Твиттердеги баракчасы аркылуу куттуктаган.