Деми Мур менен ажырашуу чечимин билдирген актёр Эштон Катчер кайрадан үйлөнгөнү жатат. «Кимге?» деп кызыксаңыз, ал «Кара ак куу» тасмасынан улам таанымал болгон актриса Мила Куниске. Ал эле эмес, болочоктогу жубайын ата-энеси менен тааныштырганга да жетишкен.
Деми Мур менен ажырашуу боюнча арызын 2012-жылдын декабрында сотко таштаган. «Соттун жыйынтыгы апрелде чыгат. Анан дароо Мила экөөбүз баш кошобуз»,- деп билдирет Эштон.