Дүйнөнү каптаган «Гангнам стайл» ырынын аткаруучусу, түштүк кореялык рэпер PSY жакында Казакстандын борбору – Астанага келем деп камданып жатыптыр. Анткени ал жыл сайын өтүүчү «Алтын самрук» музыкалык сыйлык тапшыруу салтанатына чакыруу алган. Эми ырчы атактуу чыгармасы менен казак күйөрмандарынын да кулагын сүйүнтөт экен.
Уюштуруучулардын айтымында, ырчыга канча гонорар төлөнөрү азырынча белгисиз. Бул салтанат 8-мартка белгиленип, алпаруучулук милдетин казак примадоннасы Роза Рымбаева колго алган.