Март айында бийчи Атай Өмүрзаков өзүнүн «Тумар КР» тобу менен Москва шаарында 3D форматта концерт койгону турат. Кыргызстанда боло элек мындай өзгөчө концертти Москвада өткөрүп, ал ийгиликтүү болсо, дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууну пландап жатканын айтат бийчи. «Концертке орусиялык белгилүү бийчилерди жана кыргыз шоу дүйнөсүндө аты таанымал эстрада жылдыздарын чакырдык. Бирок азырынча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыктан, кимдер катышарын сыр кылып турайын. Андан сырткары балдар үйүндө жашаган шыктуу таланттарга бий үйрөтүп, тандоо сынактарын өткөрүп келем»,- дейт Атай.