Кыргыз шоу-бизнесинин сексуалдуу ырчы айымы, мырзалардын жүрөк оорусу болгон Кундуз Канатбек кызы акыркы кезде сахнадан көп көрүнбөй кетти.Назик үндүү ырчы кыз учурда эмне менен алектенип жүргөнүн билүү үчүн Кундузга байланышка чыктык. «Бир аз тыныгуу алганым эле болбосо, чыгармачылыктан алыстаган жокмун. Азыр Кыялбек Урманбетовдун сүйүү тууралуу бир ырын жаздырып жатам. Буюрса, ыр менен кошо клибин да тарттырып, жакында күйөрмандарымды сүйүнтөм»,- дейт Кундуз.