24-январда белгилүү композитор Тарас Асанакунов 52 жаш курагында жүрөк оорусунан каза тапты. Ал Айчүрөк Иманалиева аткарып жүргөн «Кызыл гүл», «Ак куу белең, айперим», «Тоо булагым – арманым», Алина Жетигенованын «Кыздын сыры», «Арген» сыяктуу бир топ ырларына обон жаратып, кыргыз эстрадасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Өзүнүн 35 жылдык чыгармачылык жолунда баш-аягы 50гө жакын обондуу ырларды жаратканы белгилүү. Тарас аганын артында керемет обондору калды.
Элге эмгеги сиңген композитор Тарас Асанакуновдун дүйнө салганына байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!