КИНОЛОГ

Ит – адамдын досу. Ооба, бул сөз бекеринен айтылбаса керек. Анын үстүнө ал адамдын жардамчысы болсо... Кызматта пайдалануучу иттер арасында куткаруучулар,кылмышкерлерди кармоодо жардам берүүчүлөр бар. Биз бүгүн сөз кыла турган кесиптин ээлери – ушул жаныбарларды үйрөткөн кинологдор.

ӨЗДҮК ДЕЛОСУ АЧЫЛГАН ИТТЕР
Кишинин ишмердүүлүгүн итсиз элестетүү кыйын тармак – кинология. ИИМдин Кинология борбору 1971-жылы негизделген. Ал убакта питомник Бишкек шаардык
ИИББине карап, 1988-жылы ИИМге өткөрүлүп берилген. Учурда республика боюнча 100дөй, ал эми аталган Кинология борборунда 30дай кинолог эмгектенет. Мындан сырткары бул борбордо милициянын ит менен кайгуулга чыгуучу кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери өлкөбүздүн бардык аймактарынан келип, 6 айлык курстан окуп кетишет.
60тай 4 буттуу тартип сакчысы бар, арасында немис овчаркасы, алабай жана лабрадор, спаниель породасындагы иттер. Бул иттердин ар биринин аты, ал тургай өздүк делосу да бар. Аларды жарылуучу зат, курал, баңгизаттарды издеп табууга үйрөтүшөт. Машыктыруу болжол менен 6 айды талап кылып, бир ит орточо 7-8 жыл кызмат кылат. Адистердин айтымында, иттер дени сак, кайраттуу жана жоош болуп, ал тургай мышыкка да көңүл бурбоого үйрөнүшү керек. Ишке чыгардан мурун иттер атайын машыгуулардан өтүп, чыныгы сынактарды тапшырышат. Питомникте ветеринар кызмат кылып, иттерди эмдеп, тийиштүү витаминдерди берип, итканаларды дезинфекциялап жана башка профилактикалык иштерди аткарат.

«ИТ МҮНӨЗДҮҮ» ИТТЕР ДА БАР
Иттерди 8 айлыктан бир жарым жашка чейинки курактагыларын үйрөтүп башташат. Эгер анын психологиясы жакшы болсо, 1-2 айда жалпы курстан өткөрүүгө болот, ал эми начар иттерди үйрөтүүгө көп убакыт талап кылынат. Ошондуктан жаңы ит алып келгенде сынап көрүшөт. Ал коркутканда качабы, жата калабы же ырылдап сес көрсөтөбү, башында эле билинет. Мындан сырткары петарданы жардырып сынап көрүшөт. Себеби кылмышкерди кармоо учурунда атышуу, жарылуу болуп кетсе, ага көңүл бурбашы, коркуп калбашы зарыл. Иттер да адамдар сыяктуу эле ар түркүн мүнөзгө ээ. Кээси үйрөткөн нерсени тез эле өздөштүрүп кетсе, кээси жалкоо, дагы бири кежир болот.
Иттерди шыгына карап тиешелүү адистикке үйрөтүшөт. Кээ бири курал-жарак, жарылуучу заттарды, дагы бири баңгизатын издөөгө даярдалса, дагы бири из кубалайт. Мындан сырткары кайгуул-күзөт кызматына чыга турганы, объект кайтарганы болот.
Кайгуул-күзөт кызматында алабай, ротвейлер жана овчарка породасындагы иттер, баңгизатын издөөдө лабрадор, спаниель, овчаркалар, ал эми издөө иштеринде жалаң овчаркалар даярдалат. Спаниелдердин мурду жытты жакшы билгендиктен, алар баңгизатын издөөгө шыктуу. Кайгуул-күзөт кызматына даярдалган иттер «отур», «жат», «тур» сыяктуу буйруктарды аткарып калгандан кийин аларды өткөрүп беришет. Калгандары өздөрүндө калып, керек учурда тиешелүү кызматтагылар менен чогуу иш алып барышат.

БАҢГИЗАТЫН ТАБУУ БУЛ – ОЮН
Биз аталган борборго барган учурда кинологдор теориялык сабак өтүп жатышыптыр. Кезек практикалык сабакка жетип, кинологдор төрт буттуу «окуучуларына» түрдүү буйруктарды аткаруу көнүгүүлөрүн өткөрүп башташты. Андан соң жерге он чакты баштыкты таштап, анын бирине героин оролгон пакетти салып коюшту. Катылган баңгизатын бардык иттер эле тапкан менен, арасынан лабрадор породасындагы ит өз ишин мыкты аткарды. Чынында эле адамга үйүлгөн жүктөрдү тинтип чыгууга көп убакыт кетет, ал эми итке жыттап чыгууга жана үйрөнгөн нерсесин табууга бир нече гана секунд керек. Иттер үчүн мындай жоопкерчиликтүү иш оюн болуп саналат. Окутуу учурунда алардын сүйүктүү оюнчугу болгон кичинекей топту керектүү заттын жыты менен жыттантып, катып коюшат. Толтура баштыктардын арасынан ал оюнчугун издеп жүргөн ит жыйынтыгында баңгизатын таап алат.
«Баңгизатын тапкан иттер өздөрү баңгизатына көз каранды болуп калат» деген сөздөр калп. Ар бир итке эле берүүгө анча баңгизатын кайдан тапмак элек?»- дешет кинологдор. Мындан соң иттердин кылмышкерди кармашарына, жарылуучу затты кантип табышарына күбө болуп, кинологдорго бали деп кайттык.

КИНОДОГУ РЕКСТЕР
Милицияда кызмат кылган иттер тууралуу сериалдарда акылдуу ит өзү эле кылмышкерлер кайда жашынганын билип, аңдып жүрүп кармап алат эмеспи. Бирок бул режиссёрлордун эле ойлоп чыгарганы. Ит канчалык акылдуу болбосун, Рекс менен Мухтардын даңкына жете алышпайт. Ит адамдын башкаруусунда гана иш алып барат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ишин итсиз элестете албаган кинологдор
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kokjar92
2013-01-28 18:49:35
Хе.хе.кинология десе кино ж.догу илим деп ойлопмун,такыр болокчо го...
0
tea23
2013-01-28 19:16:17
itterdi ozu ushunday ishter uchu ishtetish kerek. kee birkilerge okshop kvartirasynda bagyp sasytyp uidun ichin anan da betin jalatyp koigondordu korsom kuskum kelet.
0
№ 534, 25-31-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан