«ЖДИ МЕНЯ»БЕРҮҮСҮ ЭМИ КЫРГЫЗСТАНДА

Кандайдыр бир себептен улам жакыныңыз, классташыңыз же балалык кездеги досуңуз менен болгон байланышты көп жылдар мурун жоготуп алып, эми аларды тапкыңыз келеби? Бир мезгилдеги жылуу элестерди кайрадан эске салууну каалайсызбы?

«СУПЕР-ИНФО» МАРАФОНГО КАТЫШАТ
Биринчи орусиялык канал менен ВИD телекомпаниясынын «Жди меня» берүүсү «МИР» радиосу менен биргеликте долбоор баштоонун алдында турат. Мындай алгылыктуу иш-чарада «Супер-Инфо» гезити да кызматташууну тандады. Биз буга чейин эле «Издейм сени» рубрикасы аркылуу окурмандарыбыздын кайрылууларын жарыялап, табышып калгандар гезитке ыраазычылыгын билдирип келишет. Эми «Супер-Инфо» марафонго катышуу менен ар бириңизге кол сунат, жардам берет, издеген адамыңызды табууга көмөктөшөт.
Кыргызстандагы «Жди меня» марафону 2013-жылдын март айынын аягы, апрель айынын башында старт алат. Түз эфирде өлкөдө изделип жаткан адамдардын ысымдары айтылат. Биринчи канал менен мамлекеттер аралык «Мир» телерадиокомпаниясынын топтору Бишкек шаарынын борбордук аянты менен көчөлөрүндө иштеп, бардык каалоочулар жоголуп кеткен жакындарынын сүрөттөрү менен келип, өз окуясын айтып бере алышат.
Учурда даярдык иштери кызуу уланып, Бишкек шаарынын администрациясы, Улуттук коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, жергиликтүү басылмалар издөөгө киришти. Жалпыга маалымдоо каражаттары изделип жаткан адамдардын ысымдары менен сүрөттөрүн эки ай бою жарыялап турушмакчы. Азырынча Кыргызстан боюнча «Жди меня» берүүсүнүн маалымат топтомунда 8387 арыз катталган, жаңы кайрылуулар күн сайын келип түшүүдө.

85 ЖЫЛ КӨРҮШПӨГӨН АДАМДАРДЫ ТАБЫШТЫРЫШКАН
Улуттар аралык «Жди меня» уникалдуу теледолбоорунун рекорду 2010-жылы катталган. Бул берүүнүн кызматкерлери 85 жыл көрүшпөгөн адамдарды табыштырышкан.
Тарыхына келсек, ушул сыяктуу программа биринчи жолу 1956-жылы 16-майда радиодо уктурулган болчу. 1998-жылы 14-мартта алгачкы ирет телевизордо көрсөтүлүп, берүү «Ищу себя» деп аталган. Идеянын авторлору журналисттер Оксана Найчук, Виктория Эль-Муалля жана Сергей Кушнерёв болчу. Программа башында РТР каналы аркылуу чыгып турган, бирок келишимдердин шарты менен 1999-жылдын 12-октябрынан тарта берүү ОРТ телеканалынан көрсөтүлө башталган. 2000-жылы 9-майда программанын аталышы «Жди меня» деп өзгөртүлгөн.
2013-жылдын 18-январында көрсөтүлгөн соңку берүүнү Мария Шукшина менен Михаил Ефремов алып барды. Бирок программаны ар кандай убактарда Чулпан Хаматова, Александр Домогаров, кайтыш болгонго чейин Игорь Кваша алып барган.
Берүүнүн өздүк сайтындагы маалыматка ылайык, табылгандардын саны 167 миң кишиден ашкан.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган кайрылуулардан кимдир бирөөнү таанып калсаңыз, «Жди меня» программасынын Кыргызстандагы жардамчысы САЛТАНАТ АДЫЛБЕК КЫЗЫна чалсаңыз болот.
Анын телефон номерлери: 0772 081384, (0312) 660424.
Көрсөтүлгөн номерлерге чалып, автоматтык жооп берүүчүгө маалыматыңызды калтырсаңыз болот.
Эгерде издөөгө арыз таштайм десеңиз, «Жди меня» программасынын www.poisk.vid.ru сайтына кирип, андагы атайын форманы толтуруңуз.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Rostov-on-Don
2013-01-29 02:16:34
Мынча жакшы шарт тузуп койгонсунар.Чон рахмат.
0
ainura220888
2013-01-29 04:13:17
чоон рахмат
0
№ 534, 25-31-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан