Лейлек райондук Айыл чарба департаментинин башчысы Абдикерим Абдалимовдун маалыматы боюнча, быйыл Лейлек районуна 13100 гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери себилет. Февраль айынын акырынан баштап жазгы айдоого кам көрүлө баштайт. Дарактарды бутоо, арыктарды тазалоо иштери жүрөт. Ушуга байланыштуу айыл чарба жумуштарын кечиктирбөө максатында райондо атайын штаб түзүлдү. Ошондой эле быйыл Арка өрөөнүндөгү суу тартуучу насостук станциялар жылдагыга караганда бир ай эрте оңдоло баштады. Айыл чарба министрлигинин өзгөчө көмөгү менен керектүү тетиктер алынып келинген. Жаз эрте башталчу Арка өрөөнүнө суу берилет.