Үстүбүздөгү жылы Сүлүктү шаарына жакын Бөкөнбаев айылындагы №8-мектептин бош турган эски имаратын реконструкциялоо жолу менен 60 орундуу балдар бакчасын куруу иштери башталды. Реконструкция иштеринин жалпы сметалык баасы 1 миллион 172 миң сом болсо, жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом акча каражаты каралган. Бүгүнкү күндө иш кызуу жүрүп жатат. «Бош турган имаратты балдар бакчасына айландыруу менен ата-энелердин көйгөйү чечиле баштайт»,- дейт шаардын вице-мэри Рахат Амирова.