ЖҮРӨГҮ ЫРГА ТОЛГОН ЖАЛАЛ-АБАДДЫК БАЙБИЧЕЛЕР

Жалал-Абад шаарында «Аялзат» аттуу топтун түзүлгөнүнө жакында 5 жыл толот. Эң кызыгы, жалаң ырчы байбичелерден турган топтун эң кичүүсүнүн жашы 53тө болсо, эң улуусу 67де. Карылыкка моюн сунбай, ыр менен жан дүйнөсүн жашартып жүргөн адамдар маек төрүбүздө.

«АЯЛЗАТ» ТОБУ ТУУРАЛУУ
Топтун түзүлгөн күнү – 2009-жыл, 18-март
Жетекчилери – Муктар Кырбашев, Анаргүл Машаева
Репертуарында 50дөн ашык ырлары бар
Учурда топто 14 байбиче ырдайт

«УШУЛ МУКАМ ҮНДӨРДҮ ЭЧ КИМ УКПАЙ КАЛАБЫ?»
Бул топ тууралуу тээ мурда эле укканым менен, аларды табуу аябай эле кыйынга турду. Топтун көркөм жетекчиси Анаргүл Машаева:
– «Аялзат» тобунун жаралышы кызык тарых. Мен ал кезде аялдар комитетинин төрайымы болуп иштейт элем. Бир жолу айылда ыр кесе өткөрүп калдык. Ыр-күлкү менен уланып жатып, бир кезде жарык өчүп калды. Катышуучулар болсо дендароо, айыл-айыл болуп таймашып жатышкан болчу да. Бир маалда бир айым вилканын башына алманы сайып алып микрофон кылып ырдап кирди, үнү ушунчалык уккулуктуу экен. Кийин алма сайылган вилканы улам бири алып ырдап жатышты.
Ошондо негедир «ушул мыкты үндөрдү эч ким укпай калабы?» деп ойлоп кеттим. Эртеси баягы үндөрү мыкты аялдарды жыйнадым да, ошол кездеги Маданият үйүнүн жетекчиси болуп иштеп турган Муктар Кырбашевге бардык. Экөөбүз макулдашып, топ түзүүнү пландадык. Алгач топту «Саадат» деп атасакпы деп ойлоп, бирок жыйынтыгында «Аялзат» деген атка токтолдук. Топ түзүлөрү менен эле ырдап даярданып, катуу киришип кеттик.
Учурда элүүдөн эңкейип, алтымыштан ашып, жетимишке жетейин деген аялдар бар. Башында байбичелер күйөөлөрүнө «биз тиги жакка баратабыз» деп калп айтып коюшчу экен. Анткени «карыган кезде үйүндө эле отурса болмок ушул кемпирлер, неберелерин карап. Сахнага чыгып алышты» деген сөздөрдөн коркушуптур. Айрымдардын жолдошу, балдары каршы болушкан. Азыр эми баары түшүнүп калышты.
Түзүлгөнүбүзгө 2 ай болгондо эң алгачкы концертибизди өзүбүздүн айылга койдук. Алар бир чети таң калып, бир чети кубанышкан. Азыр эми айылдын сыймыгы болуп калдык.

«ТҮРДҮҮ АСПАПТАРДА КОЛ ОЙНОТУШАТ»
– Репертуарыбыздын басымдуу бөлүгүн эски, унутулуп калган ырлар түзөт. Өзүбүз тамаша иретинде чыгарган ырларыбыз, анын ичинде акыйнек айтуу да бар. Эң негизгиси, биздин байбичелер 5-6 түрдүү музыкалык аспаптарда ойной алышат. Ооз комуз, тай туяк, көөкөрдө ойнойбуз, азыр башка аспаптарды үйрөнүп жатышат. Бишкектеги филармонияда ырдадык, түрдүү телеканалдардын чакыруусунан бошобойбуз.
Роза Отунбаева президент болуп турган кезде көп өлкөнүн өкүлдөрү катышкан долбоорго чакыруу алып, катышканбыз. 2011-жылы 7 дубандын таймашына катышып, 2-орунду алдык. Айтор, чыгармачылыкта көп жеңишти багындырып келе жатабыз.
«Аялзат» тобу жаңы түзүлгөндө арзан сайма чапандарды сатып алган болчубуз. Кийинчерээк формаларыбызды оңдогонго акча топтойлу деген максатта айыл-айылдарга концерт берип келдик. Концерттердин баасы орточо 100 сом болсо, биз 30 сомдон эле койгонбуз. Түшкөн каражатка кийимдерибизди түрлөп алдык. Кээде байбичелер өздөрү тиктиришет. Айтор, өзүбүздү өзүбүз каржылап келебиз.
«Бурановолук чоң апалар» тобун көрүп отуруп, мен кээде ойлоп кетем, бизге да колдоо көрсөтүп коюшса жакшы болор эле деп. Сахнада ырдап эле калбастан, бийлейбиз. Башында ошол бийди аткара албай, отуруп-тура албай аябай кыйналдык. Топтогу байбичелердин дээрлик баары оор салмактуулар да (күлүп).

«САХНАДАН БИР ШИҢГИЛ»
– Бир жолу Кара-Дарыя айылында концерт берип жаткан элек. Бизде эң мыкты ырдагандардан 4-5 байбиче бар, мен мыкты ырдагандарга кирбейм (күлүп). Арабызда Чачыкей деген аял бар, өзү аябай күлкүгө жакын адам. Бир жолу ал сахнага чыгып ырдап жатты эле, аңгыча каткырып күлгөн бойдон келе жатат, күлкүсүн тыя албай. Аны көрүп эле мен тынчсызданып кеттим. Кантип сахнанын ортосуна жетип калганымды билбейм, анын ордуна ырдап кирдим. Эл байкабай деле калды окшойт, булар атайын ушундай уюштурушкан го деп. Көрсө, тиги аял сахнада ырдап жатып караса, тегерегинин баары күзгү экен да. Сол капталынан да, оң капталынан да, алдынан да өзү көрүнүп, анан күлкүсүн тыя албай сахнадан чыгып кеткен экен.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
M.J.A.-9779
2013-01-28 22:56:59
Азаматсынар Октябрьскиликтер, Алгаа.
0
M.J.A.-9779
2013-01-28 22:57:52
Клиптеринерден да кошуп койсонор жакшы болмок экен.
0
U.Sarane
2013-01-29 14:20:01
Кудайым апаларыбызга ден соолук , узак омур бесин!
0
happykyz
2013-01-31 19:12:08
bul topto bizdin sosed 4on apabyzda bar)))
0
aika2009
2013-02-02 00:14:08
happykyz, анаргул эже биздин мугалимибиз болот ,мен аябай кубанычтамын биздин октябрскийдин апаларыбыздын атак данкы чыгышына ,силерге атак данк!бул топ(душа компании)
0
№ 534, 25-31-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан