Таалайбек Нуралиев, Нарын ОИИБинин жетекчиси:«МИЛИЦИЯ ЧЫНЫГЫ АДАМ БОЛУШУ КЕРЕК»

Бир эмес, эки төңкөрүштү өткөргөн мамлекеттин коопсуздугуна жамандыр-жакшыдыр кам көрүп келгендер – милиция кызматкерлери. Облустагы милиция кызматкерлеринин учурдагы абалы тууралуу Нарын ОИИБинин жетекчиси, полковник Таалайбек Нуралиев кеп салып берди.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы – 1967-жыл, 24-октябрь
Туулган жери – Нарын шаары
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уулдун атасы

– Таалайбек мырза, маекти бүгүнкү күндөгү ишиңиздер тууралуу баштасак.
– Облустагы милиция кызматкерлеринин формалары бирдей болуп окшошуп, жол коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөрдүн кызматтык шаймандары жакшырды, жакшы унаалар келди. Андан сырткары иш алып барууда жаңы ыкмаларды ойлоп, элдин арасында милиция кызматкерлеринин аброюн жогорулатуу үчүн чара көрүп жатабыз.

– Учурда элдин милицияга болгон көз карашы өзгөрүп, ишеничи солгундап кеткендей...
– Милициянын иши оор, кооптуу жана жоопкерчиликтүү. Ооба, кыргыз эли көп эле кыйынчылыкты башынан өткөрүп келе жатат. Кыйын кырдаалда алардын коопсуздугун милиция кызматкерлери камсыз кылып келишти. Алардын иши – өздөрүнө бөлүнгөн объектти көзөмөлгө алып, жогору жактын буйругун аткаруу. Ишке болгон мындай тактыкты элибиз туура эмес кабыл алгандан улам милицияга болгон ишеничи солгундап кеткен.

– Кадр маселеси кандай?
– Кадр маселеси учурда баарыбызды эле аксатып келет. Жаштар мамлекеттик айлыкка канааттанбай, жеке ишканаларда өз кесибинде эмес, ылайыгы келген жумуштарда иштеп жатышат. Кээ бир айылдарда аймактык милиция инспекторлору жетишсиз болууда. Андыктан бул маселе боюнча министрге кайрылып, 150дөн кызматкердин санын 80ге чейин кыскартып, калгандарын айылдарга, райондорго жөнөтүүнү сунуштадым. Азырынча жооп күтүп жатабыз.

– Учурунда Кыргызстандагы эң криминалдуу шаар деп Токмок шаарын билчүбүз. Кийин бул түшүнүк Нарын шаарына да тиешелүү болуп кетти...
– Туура, Токмок шаары криминалдуу деп аталчу. Ал эми Нарынга мындай аталыш 1999-2000-жылдары жабышкан. Уюшкан кылмыштуу топтор, алардын авторитеттери шаарга жана облуска тартипсиздикти алып келип, коомчулукту дүрбөткөн кылмыштарды жасагандары да кезиккен. Ал учур жеке эле Нарын шаарында эмес, республиканын бардык жеринде болду окшойт. Эми жагдай башка. Кылмыштуулук учурда кыйла эле азайды десек болот. 2012-жылдын жыйынтыгы менен кылмыштуулуктун бетин ачып, стабилдүүлүктү орнотуу боюнча биздин дубан 2-орунду камсыз кылды.

– Сизге эркин микрофон...
– Коомчулук милиция кызматкерлерин орой, пикир алышууда оорчулукту туудурган адамдар катары кабылдап келет. Ал эми биздин кызматкерлерге андан да кыйын. Себеби жумуш оор, күнү-түнү кызматта болушат. Кээде адамдардын жеке жашоосуна аралашышат. Ар күнү кооптуу окуяга даяр болушу шарт. Мындайда өздөрүнө терс энергияны кабылдаган боюнча үй-бүлөсүнө барышат. Алардын өмүрлүк жары кызматын түшүнүү менен кабыл алууга аргасыз. Менин оюмча, бул жагдайды жакындары, айрыкча өмүрлүк жары түшүнүү менен карашы керек. Мунун баарын жеңе билиш үчүн чыныгы адам болуш керек деп ойлойм.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aridan777
2013-01-28 23:00:57
Эң туура,булардын жумушуна түшүнүү менен мамиле кылыш керек.Кыйынчылык болсо эң биринчи милицияга барасын
+1
№ 534, 25-31-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан