«Мээр чөп», «Умай-фарм», «Мир -Нур» фармкомпаниясынын директорлору, «Адилетфарм» фармацевттик ассоциациясынын төрагасы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы фармацевттик компаниялардын атынан нааразылык билдиришти. Алар мамлекет тарабынан фармкомпанияларга салынган 12 пайыз салык төлөөгө нааразы экенин айтышып, маалымат жыйынын өткөрүштү. «Бул салык менен мамлекетке эч кандай пайда түшпөйт. Эгер 12 пайыз мамлекетке салык төгө турган болсок, дарылар чет жактан алып келгендеги чыгымдар менен буга чейинки баадан 30-40 пайызга кымбаттап кетет. Эгер мамлекет дарынын баасын кымбаттатса, анда контрабанда менен кирип жаткан дарыларга тыюу салышсын»,- деген нааразычылыктарын айтышты.