КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков өткөн жылда эл аралык мелдештерде Ош облусуна ийгилик алып келген 27 спортчуну жана 8 машыктыруучуну Ардак баракча жана баалуу белектер менен сыйлады. Алардын арасында «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «Жылдын мыкты спортчусу» наамын алган Кылыч Саркарбаев да бар.