Замира Курамаева:«БАЛАМ ТОКМОК ЖЕП ООРУЛУУ БОЛУП КАЛДЫ»

«Уулумду балдар уруп-сабап, машина менен койдуруп кетишти. Ошондон бери ал ишке жараксыз болуп калды. Баламды сабаган күнөөлүүлөр бош эле жүрүшөт» деп зарлаган эне редакциябыздын Таластагы бөлүмүнө кайрылды.

«ТОКОЙГО ТАШТАП КЕТИШИПТИР»
БЕКЗАТ МҮЗҮРАЛИЕВ, Бакай-Ата районунун Акназар айыл өкмөтүнүн Кызыл-Октябрь айылынын тургуну:
– Мени 2012-жылдын 7-мартында саат 9:00дө Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылынан тааныш 5 бала «Таласка барып майрамдап келебиз» деп машиналарына сала кетишкен. Таластан бир аз ичимдик ичкенбиз. Кайра айылга келип, клубдан бильярд ойноп, чыгып келе жатканыбызда ич ара ызылдаша кеттик. Экөө мени түшүрүп салышты да, машинаны айдап жөнөштү. Алардын соңунан чуркай берерде кайра артка айдап, мени сүзүп кетишти. Ошондо эсимди жоготсом керек, көзүмдү ачсам, токойдо жатыпмын. Тиги балдар мени таштап кетишиптир. Үйгө араң басып келип жатып калгам. Түнкү саат 2лерде ичим катуу ысып, кускум келди. Жаным ооруп, кыйналганымда үйдөгүлөр машина жалдап, Бакай-Ата райондук ооруканасына жеткиришти.

ЗАМИРА КУРАМАЕВА, Бекзаттын апасы:
– Ооруканада балама үч жолу операция жасалды. Ичине кан толуп, уйку бези айрылып, өтү жарабай калган экен. Райондук ооруканада 10 күн дарылангандан кийин деле балам кыйнала бергенинен Бишкектен "Тез жардам" чакыртып, республикалык ооруканага алып кетишти. Ал жерде 2 ай дарыланып жатты. Бекзатты дарылаган дарыгер ооруканадан чыгарып жатканда Креон деген дарыны "күнүнө үч маалдан өмүр бою ичсин" деп жазып берген эле. Ал дарыны Таластан таппагандыктан, атайын Бишкектен кутусун 850 сомдон алдырып турабыз.
Атасы жок, үйдө нан таба турган жалгыз өзүнүн абалы бул болсо, эки баласынын жана эки кат болгон келинчегинин көргөн күнү не болот? Сабаган балдардын биринин агасы Канатбек Акматбеков 2012-жылдын 27-августунда «дарыланууга 50 000 сом акчаны төлөп берем» деп тил кат жазып, мойнуна алган менен, бүгүнкү күнү эч кандай акча төлөшө элек. Өзүбүздө болгон бирин-экин малыбызды, үйүбүздү сатып, баламды аман алып калууга жумшадык.

«АКЧА БЕРЕБИЗ ДЕП АЛДАП КЕТИШТИ»
САГЫН НООЧОРБАЕВА, Бекзаттын таежеси:
– Бул боюнча биз Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылганбыз. Ал ишти карап жаткан тергөөчү Байгазы Сырдыбаев Бекзатты райондук ооруканадан Бишкекке алып кетебиз деп жаткан убакта бөлмөгө жашыруун кирген. Эс-учунан танып жаткан баланын ордуна өзү түшүнүк кат жазып туруп сотко өткөрүп жиберген. Анысы аз келгенсип, Талас шаарына келип, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын да өзгөртүп кеткен. Сабаган балдарды болсо «баланын дары-дармектерине жардам беришсин» деп камабай, бош эле коё берген.
Бекзат Бишкектеги ооруканадан чыгып келгенде тууган арасында ынтымакка келели деп айыл аксакалдарын алып келип ортого салышкан. «Эч кандай доом жок, болгон дары-дармектердин баарысын күнөөлүү тарап төлөп берди» деген тил кат жаздырып алышкан. Биз башында сүйлөшкөндө «качан Бекзаттын балдары 18ге толуп, атасын багып ала тургандай болгондо гана жардам бергенди токтотосуңар» деп сүйлөшкөнбүз. 50 миң сом акчалай жардам бермек эле, бүгүнкүгө чейин жок. «Күзүндө төө буурчак өткөндө берели» дешкенинен тим койсок, эми «таптакыр бербейбиз» дегенге өтүштү.

«БАРДЫК ЧЫГЫМДАРЫН ТӨЛӨП БЕРГЕНБИЗ»
Биз бул окуя боюнча экинчи тараптын оюн угуп көрөлү дедик. Жогоруда аты аталгандардын өзүн таба албагандыктан, алардын жакындарынын пикирин билдик.
КАНАТ АКМАТБЕКОВ, Бекзатты сабагандардын бири Адилет Акматбековдун агасы:
– Бекзат менин инимден 5 жаш улуу. Таластан майрамдап келип, бильярд ойномокчу болушуп клубга барышат. Бир убакта Бекзат мас болуп калып, автоунаанын терезесин сындырып таштайт. Ошондон улам ызы-чуу уланып кеткен. Чынында, Бекзат андан бир апта мурун эле Талас шаарынан таяк жеп келиптир. Оорусу ошондо эле козголгон болсо керек. Биздин балдар жок жерден чоң кылтакка илинип калышты. Адилет Акматбеков менен Аскат Ниязалиев сабагандарын моюндарына алышты. Дароо эле энесинин колуна 45 миң сом санап берип, анан ич ара келишип, кийинки чыгымдарын да толугу менен көтөрдүк. Ишенбесеңер ооруканада жатканда төлөгөн дарылардын чектерине чейин сакталуу (чектерди көрсөттү).
Бала кыйнала баштаганда Бишкектен «Тез жардам» чакырып, алып кетерде дагы паспорту жок, бир таанышынын паспорту менен чек арадан өткөргөнгө деп 2000 сом бердик. Күнөө бизден кеткендиктен, Бишкекте да апасы келгиче оозуна суу тамызып жанында болдум. Бала башын көтөргүчө 70ке чыккан энем баш болуп ошол жерде жүрдүк. Өзүм Кудай жолунда жүргөн адаммын, «бул да бирөөнүн жалгызы, жакшы болуп кетсе экен» деп Кудайга жалынып, күнүнө 17 миң сомдон дарысына акча берип турдук. Баш-аягы жалпы чыгым 400 миң сомдон ашты. «50 миң сом бербей жатат» деп сотко кайрылышты. Сот алардын пайдасына чечилип калды.

«ЭКИ ТАРАП ӨЗ АРА КЕЛИШИП АЛЫШКАН»
Бул ишти тергеген Бакай-Ата райондук ИИБинин тергөөчүсү БАЙГАЗЫ СЫРДЫБАЕВ өзүнө коюлган айыптоолорго төмөнкүдөй жооп берди:
– Бекзат Мүзүр­алиевдин иши боюнча тергөө иштерин жүргүзүп баштаганымда анын апасы Замира Курамаева мага «ишти өз ара чечишип алдык» деп тосмо арыз менен кайрылып келген. Мен муну менен эле иш жабылып калбасын түшүндүрүп, Бекзаттын өзүнөн суроо үчүн ооруканага барганым чын. Ал өзү жаза албагандыктан, апасынын көзүнчө мен жазганмын, анан Бекзат өзү кол коюп берген. Бир топ убакыт өткөндөн кийин эле Бекзаттын апасы кайра келип, «сүйлөшүлгөн боюнча акча төлөбөй жатышат, кайра иш козго» деди. Прокуратура кайрадан иш козгоп, тергөө амалдарын жүргүзүп, иш сотко өтөрдө иш бөлмөмө толгон айыл аксакалдары келишип, «эки тарап өз ара келишип алдык, батабызды бердик, токтот» дешти. Кайрадан жабырланган Бекзат тосмо арыз жазып, ишти жаптырып салышкан. Эми бул оюнчук эмес да, кайра жаап-ача бергидей. Ошентсе да бул иш азыр прокуратура тарабынан кайрадан каралууда.

– Сизди жабырланган тарап соттук-медициналык экспертизаны «сүйлөшүп, өзгөрттүрүп салган» деп айыпташууда...
– Экспертизага эч кандай акча берген эмесмин. Соттук-меди­циналык экспертизадан «анча оор эмес жаракат алган» деген жыйынтык чыгарылып келген.

Экспертиза туурасында болгон чырдан улам Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Талас облустук соттук-медициналык экспертизанын башчысы Сакын Чаргыновго кайрылганыбызда, ал «суроолордун баарына Бакай-Ата райондук ички иштер кызматкерлери жооп берет. Мен эч нерсе айтпайм» деп, эмнегедир жооп берүүдөн баш тартты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 534, 25-31-январь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан