Талас облусунда жаңылыктарды ыкчам билүү, алынган маалыматтарды ММКларга өз убагында таркатуу максатында облустук өкүлчүлүктүн астында «Жаңылыктар банкы» аталыштагы уюм түзүлөт. Тиешелүү токтомго өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева 18-январда кол койду. Токтомго ылайык, райондук, мамлекеттик администрацияларда, шаардык мэрияларда, айыл өкмөттөрүндө жана облустук ишкана-мекемелерде болгон жаңылыктар жана маалыматтар «Жаңылыктар банкына» үзгүлтүксүз жөнөтүлүп турмакчы.