Буттун таманында биологиялык активдүү чекиттер жайгашкан. Ал чекиттерге таасир этүү менен ички органдардын иштөөсүн жакшыртууга болот. Ошол эле кезде чыгыш медицинасы боюнча алып карасак, таман ички органдардын оорусунан кабар бере алат. Тактап айтканда, чорлор тигил же бул оорунун белгиси.
1. Тамандын сырткы кырындагы чорлор омурткада оорунун бар экендигинен же пайда болуп жаткандыгынан кабар берет.
2. Таманды айлана жайгашкан чорлор муундарда маселенин бар экендигин кабарлайт.
3. Манжалар алдындагы чорлор ичегиде оорунун пайда болгондугун айгинелейт.
4. Оң буттун чыпалагынын алдындагы теринин калыңдап, одуракай тартышы – боордо оорунун бар же пайда болуп жаткандыгынын белгиси.
5. Сол буттун чыпалагынын алдындагы теринин одуракай болуп, калыңдашы жүрөктүн иштешинде өзгөрүүлөрдүн бар экендигин билдирет.
6. Бармактын алдындагы тери кургак тартып, чор пайда болсо, нервдик чыңалуулар көп жана А, В витаминдери жетишсиз деп түшүнсөңүз болот. Мындан тышкары адамга күч-кубат берүүчү калориялуу тамактарды кабыл алууну унутпоо керек.
7. Баш бармактын чет терилеринин одуракай болуп кургашы калкан сымал бездин жакшы иштебегендигин кабарлайт.
8. Тамандын жалпы терисинин одуракай тартып калганы – организмдеги зат алмашуунун бузулушунун далили. Мүмкүн, дисбактериоз же ички бездерде өнөкөт оору бар.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg