СЕРИАЛДЫН ФАНАТЫСЫЗБЫ?АНДА ЗЫЯНЫН БИЛЕ ЖҮРҮҢҮЗ

Укмуштай катуу агым менен турмушубузга кирип келген сериалдардын туткунунда калганыбыз чын эмеспи. Азыр алар көбүнчө кожойкелердин турмушунун ажырагыс бөлүгү десек болот. Макала сериал илдетине чалдыккандар үчүн...

ТАРЫХЫНАН
Сериал качан жаралган жана эмнеге дүйнө элинин сүйүктүү жанрына айланды? Эң биринчи узун тасма 1949-жылы АКШда тартылып, «Жалгыз рейнжер» ("рейнжер" – англисчеден которгондо "жоокер" деген түшүнүктү билдирет) деп аталган. Ал жумасына бирден чыгып отуруп, 1957-жылы аяктаган. Сериал телеканалдын рейтингин көтөрүп жиберген соң толук метраждуу тасма эмес, сериал тартуу пайдалуу экенин билишип, режиссёрлор билек түрө киришип башташкан.
Ал эми сериал биздин жашообузда, тактап айтканда, КМШ өлкөлөрүндө 1980-жылдардын аягында «Күң Изаурадан» башталып, мексикалыктардын ысык сүйүүлөрү арбай баштады. Башында узун тасмалардын күйөрмандары өспүрүмдөр болсо, кийин сериал айымдардын эрмегине айланып, америкалыктар аны «кожойкелердин азыгы» деп аташкан. Изилдөөлөр боюнча учурда айымдар эле эмес, сериалдын эркек фанаттары көбөйүп баратат.

ИДЕАЛДУУ ЭРКЕКТИ СЕРИАЛДАН ИЗДЕБЕҢИЗ
Окумуштуулар бир ооздон сериал кубалап көрүүнүн зыяндуулугун айтып, ал тургай экранда жүрүп жатканда тамекинин кутусуна жазылгандай «сериал көрүү сиздин ден соолугуңузга зыяндуу» деп жазуу керек деп чыгышкан. Анткени сериалдын фанаттарынын эске тутуусу начарлап, ишине же өз жашоосуна ой топтоосу начар болуп калат. Эң эле жаманы – алар өзүнүн реалдуу жашоосуна «аппетити» тартпай, сериалдагы каармандардын жашоосуна кирип кетишет. Мындай коркунучка көбүнесе айымдар туш келет. Анткени экрандагыдай идеалдуу эркекти, баш-аягы көрүнбөс сүйүү баяндарын жана жомоктогудай романтиканы элестетип алышат. Кээде айымдар күйөөсүнөн ошол мамилени талап кылып, а жалгыз бойлору идеалдуу эркекти издей берип, натыйжада жалгыз калышат. Андыктан идеалдуу эркектерди реалдуу жашоодо өзүңүз жасап алганыңыз оң.
Мурун сериалдарды телеканалдардан күн санап гана көрө алсак, азыр диск сатып алып же интернеттен көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул ден соолукка өтө зыян. Бир отурганда 15тен 30га чейин серияны көрүү – бери дегенде эле нерв системине терс таасирин берет. Бир топ убакытка адамдын психологиясы ошол сюжеттин линиясынан чыга албай, байланып калат. Андан да жаманы – көздүн көрүүсүн начарлатат. Өтө сентименталдуу айымдардын (жашы келип калган апаларыбыздын) сериалдын өтө кайгылуу жерлерин көрүп алып кан басымы жогорулап кетиши мүмкүн.
Бардыгынан өспүрүмдөргө терс таасир берет. Алар диск көрүп отура берип, кыймыл аз болуп, калыптагыдай өсүүсү басаңдайт. Сериалдын пайдалуу да жагы бар. Мисалы, күндүзү жумуштан чарчап барып кечинде сүйүктүү сериалын көрүү – чыңалып турган мээни эс алдырат. Сабак ала турган да сюжеттик линиялар аларга жагымдуу таасир берет. Бирок баары чеги менен болуусу шарт.

Психологдун кеңеши
СЕРИАЛГА КӨЗ КАРАНДЫЛЫКТАН КАНТИП АРЫЛУУ КЕРЕК?
Бул соболго «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу НУРЗАДА МАЯМЕРОВА төмөнкүдөй кеңеш берет:
– Адамдар көп нерсеге көз каранды болуп калышы мүмкүн. Анын бир мисалы – сериал. Кээ бир адамдардын жашоосу суз болсо, анда ал жашоосун сериалдар менен толуктайт жана ойдон жаралган дүйнөгө көбүрөөк маани берип калат. Айрым учурда жашоодо орун таба албай кыйналган учурларда, ошол маселелерден жашынуу үчүн, өзүнүн көйгөйлөрүн ойлобоо максатында сериалдар менен алаксып калат. Экрандагы турмуш менен өзүнүкүн салыштырып, «менин жашоомдон да жаман жашоо бар турбайбы» деп өзүн жоошутат.
Сериалга ашыкча берилген адамдарды өзүнүн жашоосундагы жоопкерчиликтен качкан, жашынган адамдар деп мүнөздөсөк да болот. Сүйүктүү жумушу бар, өзүнө ишенимдүү, үй-бүлөлүү адамдар сериал кууп көрбөйт.

– Айрымдар мелодрамаларды кууп көрсө, кээлери коркунучтуу сериалдардын күйөрманы. Бул эмнеликтен деп ойлойсуз?
– Муну эки жактуу караса болот. Биринчиден, айрым адамдарга ошол сүйүү, мээрим, толуп-ташкан эмоция жетишпейт же жан дүйнөсү ошого жакын. Айрымдарда жашыруун агрессия бар, ошондуктан боевик фильмдерди сүйүшөт. Муну адам өзү билбей тандап алат. Бул аң-сезимде ойлонбой турган, адам байкабай туруп тандап алган нерсе.

– Сериалдагы көз карандылыктан кантип арылуу керек?
– Алгач адам өзүнүн убактысын уурдатып жатканын билиши зарыл. Бош убактысын андан көрө кызыктуу китеп окуу менен өткөрсө болот. Бирок бул сериалдарды көрбөгүлө, таптакыр зыян деген ой эмес. Позитивдүү сериалдарды ченеми менен көрүүгө болот.

КЫЗЫКТАР

  • Баары «Санта-Барбара» телесериалын эң узун деп билишет. А бирок «Гиннес рекорддор китебине» кирген эң узун сериал «Жолго шоола чачкан жарык» ("Путеводный свет") аттуу тасма 15000 серия менен рекорд койгон.
  • Санкт-Петербург шаарынын тургуну өзүнүн сүйүктүү каарманы каза болуп калганы үчүн 3 жыл аза күткөн.
  • Дүйнөдөгү эң популярдуу сериал катары «Доктор Хаус» эсептелинет.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
СЕРИАЛ КӨРӨСҮЗБҮ?

Токтонаалы Мүсүралиев, инженер-энергетик:
– Сериал көргөнгө менин да, келинчегимдин да убактысы жок. Мен көбүнчө саясат жана спорттук көрсөтүүлөрдү көрөм. Азыркы заманда сериал көрүү өтө эле зыян, убакытты алып, алаксытат. Биздин үйдө кызыбыз көрөт.

Айсулуу Тыныбекова, спортчу:
– Сериал такыр көрбөйм. Убактым да жок. Анын үстүнө чоңоюп, мурункудай кызыкпай калдым. Кээде бош болсом, айына 1 жолу кинотеатрларга барып калам. Мурун айылда жүргөндө «Клон» сериалын калтырбай көрчүмүн.

Амир Аскаров, ырчы:
– Кичинекей кезимде «Санта-Барбара» деген сериалдын бардыгын калтырбай көргөм. Ошондон кийин такыр сериал көрбөйм жана көп кызыга бербейм. Анткени иштегенге тоскоолдук жаратып, өтө көп убакытты алып коёт.

Минюра Рахимжанова, ырчы:
– Аябай күтүп көрбөйм. Бирок мага ушул Жаңы жылда чыккан «Эже-сиңдилердин тагдыры» деген түрк сериалы жакты. Анткени жашоонун өйдө-ылдыйы тууралуу таасирдүү, башкалар сабак алгыдай жакшы тартылыптыр.

Кубан Атабеков, спорт баяндамачы:
– Убакыт табылса көрөм. Тарыхый түрк сериалы «Даңазалуу кылымды» катуу кызыгып көрдүм. Келинчегим экөөбүз жакшы көргөн сериалдарды чогуу отуруп көрүп, анан талкуулайбыз.

Жеңишгүл Өзүбекова, драматург:
– Орусиянын сериалдарын көрөм. Себеби аларда улуттук идеология камтылат. Биз да улуттун кызыкчылыгын коргогон, ата мекендик сериалдарды көбөйтүшүбүз керек. Жаштарга сериалдын таасири күчтүү.

Улукбек Алимов, айдоочу:
– Көбүнчө жаңылыктарды көрүп, сериалга көп деле кызыкпайм. Бирок үйдө келинчегим экөөбүз ушул сериалдын азабынан таарыныша кетебиз. Ал «Даңазалуу кылымды», балдарым мультфильм көрүшүп, сыналгыны бошотушпайт.

Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сериал көрүү зыянбы?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
altinim
2013-02-05 13:54:06
мурун корчумун турк сериалдарын азыр бир эле Деффчонки деген комедиялашкан сериалды кором зыяны жок деле эс алып конулум которулот
0
rusalka
2013-02-05 16:27:09
kypchak, katyrypsyz vhahahahahaah boorum ezilip kaldi))
0
nazarova_89.28
2013-02-05 23:53:43
ушул сериял кором дем уйум жыйналбай,тамак бышбай,тошогум жыйылбай калды.уйкудан калыб жумушта аран отурам акыркы кундору оюм да тушум да хюррем болуб калды.
0
Mambo87kg
2013-02-06 00:20:58
Жакшы кенеш экен...Мен да бир убагында PRISON BREAK(побег из тюрмы)аттуу сериалга катуу оруу болгом:-)
0
aizish
2013-02-06 07:59:54
Мурда аябай кызыкчун эки жылдан бери корбогонго аракет кылам, бир кызыксам ооруп калам китепке да. Уйдо братаным жаман корот сериал коргон адамдарды откондо уйуно барсам отуздан ашып биринчи жолу Тангем деген сериал кордум деп олтурат. Тообо адам баласы баарибир бирде болбосо бирде азгырылат экен да.
0
altysha.kg
2013-02-06 17:11:56
Только дем алыш кундору бир жарым эки саатык кино коруп койом анан башка маалда убактым жок
0
altysha.kg
2013-02-06 17:14:33
Мурун Великалебный векти коро берип уже азыр кызыкпайм деле эмне болтат канчанчы сериясына келди ишимделе жок эч эле тугобой койду
0
jikusya
2013-02-06 20:13:11
сериалды да ченеми менен коргон онго дейм.... мисал учун мен ар воскр куну великолепный вектин бирден гана сериясын кором :-)
0
JUROK
2013-02-07 10:39:44
Сериалды дисктен бир кун кечке корбой,болуп-болуп корсо зыян болбостур.
0
uma359
2013-02-08 21:12:04
Мен 1жылдан бери корейский сериалдарды кором,башында кадимкидей 'ооруп' журдум,жумушка да барбай койчумун бир шылтоолорду айтып.. ортодо токтоп калдым эле,эми кайра башталды....
0
kokjar92
2013-02-08 23:02:16
Менда убагында сериал менен ооруп жургонмун,бирок студент болуп тв сизда жашаса болот экенин тушундум. Азыр сериалдардын диски турат,эч эле кызыкпай жатам...
0
jan89
2013-02-08 23:05:31
Мага "Даназалуу кылым" жагат,Хюрремдин акылынан эле рахат алам да. Хахаа...
0
kaRa-4aPan
2013-02-09 00:37:40
мен башка жака койом сериал башталса.
0
maryam
2013-02-13 15:22:45
men serialdar toluk tartilip butkondon kiyin korgondu jakwi korom. maga ozgo4o PRISON BREAK jagat.
0
medi0204
2013-12-14 16:15:54
популярдуу сериалдарды кором,эгер кызыктуу болсо,кызым уктап жатканда интернеттен издеп таап,бирок реалдуу эле жашоодо жашайм,кинону элестетпей эле
0
№ 535, 1-7-февраль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан