«Көптөн бери жай отуруп маек курбай, сагынып калыпмын» деген Арсен бизге жашоосундагы көп жаңылык, сырлары тууралуу кеп салып берди.
– Арсен, кандай? Кеч жатып, түш оогондо туруп, күн-түн алмашкан жашоодон чарчаган жоксуңбу?
– Рахмат, жакшы. Албетте, чарчайсың. Мындай режим мага окшогон бойдоктордо эле болсо керек. Чыгармачыл адамдардын көбүнчөсү түндө иштешет. Студияга барабыз, эргүү келгенче ары-бери басып, анан кайра-кайра ырдайбыз дегендей. Эс алгыбыз келип, бир жерге барайын десең, Бишкекте бара турган кызык жер да жок. Андыктан кафеге барып ырдап, иштеп эле жүрөбүз.
– Кичине кезиңде сен да башкалардай болуп колуңа ар нерсени кармап ырдай берчүсүңбү?
– Кичине кезимде учкуч болгум келчү. Чоңойгондо ырчылыкка кызыксам да, ырчы болом деп айткан эмесмин. «Күүгүм» тасмасындагы токойлор бар го, ошондой жерде жашачубуз, тоо-токойдун коюнунда. Зериккенде тоого барып, Кожожашты элестетип эки ташка чыгып алып опера ырчыларын туурап көп ырдачумун.
– Аз убакытта эле жылдызың жанып, атың чыгып кетти. Көпчүлүктүн арасына сиңип, "өчпөй" келатканыңдын себеби эмнеде?
– Ырчы эч качан «жөн эле ырдап койсом ырым хит болуп кетет» деп ишенип албаш керек. Элдин ишеничине кириш өтө кыйын, менде азыркы тапта элдин 40 пайыз гана ишеними бар деп ойлойм, калганы чыгармачылыгымды түшүнбөйт. Бирок мен ага көңүл бурбай, изденип иштей берем.
Учурда жаш ырчылар аябай көбөйүп кетпедиби. Алардын айрымдары элге же бир кызга көрүнүш үчүн "ыр жаздырып коюш керек" же "мени сөз кылышса» деген ойго жетеленишет. Бул туура эмес ой. Ыр жазганда сөзсүз анын сапатына, маанисине көңүл буруу шарт.
– Жаңы чыгып жүргөндө сенде да ошондой ой болду беле?
– Алгач биз 3 жигиттен турган «Мурас» деген топ болуп чыкканбыз. Ашып кетсе бир ай чогуу ырдадык окшойт. Ошондо бат эле чыгып кетсек керек деп ойлогом. Ал болбой калганда көпкө чейин чыкпай, "кабактарда" гана ырдап жүрдүм. Өзүм үчүн ыр жаздырып, бүткөндө угуп, өзүмчө бактылуу боло берчүмүн. Ырларым элге таасирдүү болсо дейм. Жакында эле радиодо конокто отурсам «Тагдырың сага жазганда» деген ырың менин жашоомду сактап калды» дегендей кылып кыздар телефон чалып жатышты. Аны угуп «пайдам тиет экен...» деп сүйүнүп калдым.
– Ар бир кесиптин зыян жагы болот эмеспи. Ырчылыктын кандай терс жактары бар?
– Кенен басып-тура албаганың бир болсо, кошумча «көз тиет» деген түшүнүк бар экен. Бирөө жаман ою жок, жакшы сүйлөп койсо да көтөрө албай кетем. Андыктан жаман энергиядан арылуу үчүн үйгө кирерим менен жуунам, эмесе кадимкидей оор болуп калам.
– Шоу чөйрө сени кандай адам кылып тарбиялады?
– Чынында, ырчылык мени ачты. Мурун түнт, тартынчаак болсом, азыр оюмду кенен айтып, ачылып-чачылдым. Ырдап калганыма абдан сүйүнөм. Анткени ырдабасам, азыр айылда курсагы чыккан, эки бети кызыл киши болуп, эчак эле үйлөнүп, көп нерсени көрбөй-билбей өмүрүм өтүп кетмек беле дейм. Анан да мурун жиниме тийген бирөө менен ойлонбой урушуп кетсем, азыр карманам, ал кезге караганда токтоомун. «Биз деген мал эмеспиз, адамбыз» деп түшүнбөстүктөрдү сөз менен жоюуга аракет кылам.
– Эгер таразанын бир жагына чыгармачылыгыңды, бир жагына жеке жашооңду койсок, кайсы жагына оойт элең?
– Азыркы учурда чыгармачылык басып кетмек. Анткени учурда эң негизги максатым – жаш, бойдок кезимде пайдубал куруп алуу.
– Өткөндө Мирбек Атабековдун интернеттеги өздүк баракчасына жүктөгөн сүрөткө көзүбүз түшүп калды. Ал Омардын, сенин, анан Мирбектин сүрөтү экен, «биз бүгүн жылдызбыз, эртең легендабыз» деп жазыптыр. Ошол боюнча сенин оюң? Чын эле тирүү легенда болобуз деп ойлойсуңбу?
– Аны мен көргөн эмесмин. Бардык нерсени жакшы жагы менен карашыбыз керек. Балдар менен да келечекке койгон жакшы пландар бар. Буюрса, чет жактан музыкалык билим алып келип, өсүп келаткан жаш таланттарга жол көрсөтүп, маданиятты өстүрсөк, ошондо легендага айланабыз. Азырынча жөн эле ырчыбыз, өзүмдү жылдызмын деп деле эсептебейм.
– Атаандашуу болгон жерде өсүш болот дейт эмеспи. Сенде атаандашуу сезими барбы?
– Мен Кыргызстанда бирөө менен атаандашып өзүмдү көрсөткүм келбейт. Аны чет жактан кылыш керек. Жакшы клип тартып, жаңы ыр жаздырсам эле мага жетиштүү. Эгер бирөө мени менен ырдайм десе, маселе жок, дайым даярмын.
– Көп жылдар бою улам жаңы муун ырдачудай чыгарма жарата алдым деп ойлойсуңбу?
– Бул жөнүндө көп ойлоном. Менин ырларга табитим жакшы эле болуш керек. Балким, «Сезим», «Эсимде» деген ырларымды 20-30 жылдан кийинки муун ырдап калар.
– Сени сахнадан качан көрбөйлү, шайыр, шаңдуусуң. Сүрдөбөгөнүңдүн сыры эмнеде?
– Билинбегени менен мен деле сүрдөйм. Бирок чыкканда залда отурган элдин маанайы жакшы болсо, дароо өзүмдүн дүйнөм менен жыргап ырдап кетем, баарын унутуп коём. Фонограмма менен чыгып, өзүнө ишенбей, жакшы ырдай албагандар уялып, өзүн жакшы сезишпесе керек.
– Жылдыз болуп калганда мурунку сүйлөшпөй калган кыздарың кайра байланышып башташса керек...
– Канчалык кыздар көп чалса, ошончо бактылуу болом, ха-ха. Андай нерселер болот, бирок көңүл бурбайм. Ал өткөн нерсе болгондон кийин сый мамиледе эле калган оң.
– Эми жеке жашооңо кепти буралы. Сени көптөн бери бир кара көз жандап жүрөт да...
– Мм, анын бар экенине кубанам. Ачык мүнөз, эки жүздүү эмес, бетке айткан кыз. Интернет бизди табыштырды десем болот.
– Кыздын көңүлүн алуу үчүн сюрприздерди уюштуруп жүрөсүңбү?
– Өзүмдү мурун романтикмин деп ойлоп жүрчүмүн. Эми билдим, такыр романтик эмес экенмин. Экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздү 3-4 жаштагы кичинекей балдарга окшоштурам. Бири-бирибизге бултуңдап таарынып, мүнөзүбүздү көрсөтүп, экөөбүз тең эмоционалдуубуз. Бирок ошонусу менен ал мага жагат. Башка эркектердей болуп күндө гүл сунуу деген менде жок. Баарын айтып, "намёк" бергенде кылам, өзүмдүн оюма ошо нерсе келбейт экен (күлүп).
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg