ТАЛАСТЫКТАР МАНДАТТАРЫН ТАПШЫРЫШТЫ
Ош шаарынын «пашасы» Мелис Мырзакматовдун бийлик доору 29-январда аягына чыгып, шайлоого чейин ал мэрдин милдетин аткарып турмай болду. Бири-бирин астейдил байкап көрөлү дедиби, Мелис мырза Бишкектеги «аба ырайга» байкоо салып өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолукту. Айтмакчы, учурда «Ош жана Бишкек шаарларынын макамы жөнүндө» мыйзам долбоору кызуу талкууда. Эгерде ал кабыл алынып калса, анда Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэрликке баруучу талапкерди сунуштай алат.
Учурда Мелис Мырзакматовдун «тылы» бекем. Ош шаарынын парламентинин басымдуу көпчүлүгүн Мелис мырза баштаган «Улуттар биримдиги» партиясы ээлеген. Андыктан форс-мажор болуп кетпесе эле, Мырзакматов өз ордун сактап калышы толук мүмкүн.
Бул аптада болуп өткөн шайлоолорго келсек, Боршайком "28-январдан 3-февралга чейин 20 шаар башчысы менен 250 айыл өкмөтүнүн шайлоосу болуп өтөт" деп билдирген. Кайыңды, Баткен, Майлы-Суу, Жалал-Абад жана Көк-Жаңгак шаарларынан сырткары 15 мэр бекитилип, жалпы жонунан КСДП, «Ата Мекен» менен «Республиканын» өкүлдөрү башчы болуп шайланышты.
Эң кызыктуу күрөш Талас шаарында орун алып, депутаттар мандаттарын тапшырып чыгып кетишти. Анткени көпчүлүк коалициянын эки депутаты азчылык коалициянын атынан талапкер болуп чыккан Анарбек Кушубековго добуш берип коюшту. Буга байланыштуу көпчүлүк коалициянын депутаттары "жеке кызыкчылыгын көздөгөн депутаттар менен иштешүүнү каалабай турганын" айтып, шаардык кеңешти таркатуу чечимине келишкен. Бул тууралуу коалициянын жетекчиси Айбек Сүйүнтбеков билдирген. Азырынча Боршайком бул боюнча түшүндүрмө бере элек.
БЕКНАЗАРОВДУН ТАГДЫРЫ БЕЛГИСИЗ
Революциялар менен атагы чыккан Азимбек Бекназаров апта каарманына айланды. Ак үйдөн алынып чыккан 16 миллион сом боюнча, Азимбек мырза 10 миллион сом өлкөдөгү абалды турукташтыруу үчүн коротулганын айтты. Айтымында, 5 миллион сомдон Ош жана Жалал-Абад облустарына бөлүп берген. Акчага жоопкерчилик алган адамдардын тил каттарын 23-январда «өрттөн кийин» болсо да президент Алмазбек Атамбаевге жөнөтүптүр.
Бирок президенттик аппарат «документтерин кабыл алуучу орган биз эмеспиз, тиешелүү мекемеге жөнөтсүн» деп сылык-сыпаа прокуратурага "жолдомо" берди. Башкы прокуратура 16 миллион сомго байланыштуу териштирүү башталганын кабарлаган.
Улам бир чуулгандуу окуядан төбөсү көрүнө баштаган Азимбек Бекназаровдун кийинки кадамы кандай болору азырынча белгисиз. Өзүнө каршы кылмыш иши козголуу коркунучу жаралса, жаздын башы менен "митинг уюштурам" деп чыкпаса эле болгону... Бирок бул адам өзүнө кошо дагы бир топ кечээки-бүгүнкү чиновниктерди ээрден алып түшүшү мүмкүн.
ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН БАШКЫ ПРОКУРОР СУРАК БЕРБЕЙТ ДЕШТИ
"Ата-журтчу" үч депутаттын сотунда укук коргоочу Азиза Абдрасулова мурдагы сот жыйынында Ташиевдин «президент Алмазбек Атамбаев, башкы прокурор Аида Салянова сотко келип көрсөтмө берсин» деген талабын эске салды. Ага прокурор каршылыгын билдирип, депутаттар кармалган күнү президент да, башкы прокурор да өлкөдө болбогонун айтты. Өз кезегинде судья Адылбек Субанкулов бул суроону ачык калтырарын маалымдады.
31-январь күнү болуп өткөн сот жараянында мамлекеттик айыптоочу Камчыбек Ташиевге карата коюлган айыптоону уктуруп, анда депутат 25-сентябрь күнү эле бийликти басып алуу максаты менен тымызын сүйлөшүү баштаганын билдирди. Камчыбек мырза бул сөздүн баарын жокко чыгарып, "абсурд" деп жооп берди. "Мен тосмодон элдин кызыкчылыгы үчүн ашып түшкөм жана коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин. Эч кандай Ак үйдү да басып алган жокмун",- деди Ташиев.
Мындан сырткары ал КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаевди, «Ала-Тоо» маалымат программасынын алып баруучусу Нарын Айыпты «Ташиев 3-октябрга чейин Англиядагы Максим Бакиев менен, Беларустагы Курманбек Бакиев менен сүйлөшкөн» деген маалыматы үчүн сотко келип сурак берүүсүн талап кылган.